Menu

Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев расмий иш сапары менен Базар-Коргон районунда болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев расмий иш сапары менен Базар-Коргон районунда болуп, жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен жеринде таанышып, саламаттыкты сактоо обьектилеринде болду. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов иш сапарын алгач Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагына караштуу Акман айылындагы жеке фермер Өсөркулов Актилектин кылкандуу дан өсүмдүктөрүн өстүргөн эгин талаасы менен таанышуудан башташты. Жеке фермер ишкер Актилек Өсөркулов алгач 2013-жылы 13 гектар аянтка арпа айдоо менен өз ишин баштаган. Учурда анын аянты 200 га. жеткен. Быйылкы жылы 120 га. аянтка күздүк буудай, 46 га. күздүк арпа жана 34 га. аянтка жаздык арпа эгинин эккен.

—    Айыл чарбасында жеке фермер катары 2013-жылы 13 га. аянтка арпа эгүү менен ишибизди баштаган элек. Кудайга шүгүр, жылдан-жылга иш тажрыйбабыз артып, быйыл кылкандуу дан эгиндеринин аятын 200 га. аянтка жеткирдик. Күздүк буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 30-33 центнерге, ал эми арпанын түшүмү гектарына 22-25 центнерден айланууда. Жакында өз каражатыма 1 млн. 300 миң сомго Россия өндүрүшүнөн чыгарылган “Нива эффект” комбайынын сатып алдым. Мындан сырткары 2 даана Белорусь трактору, 2 комбайн, 1 даана чөп таңгактоочу трактор жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө дары-дармактерди чачуучу шаймандары бар тракторду, беде оруучу комбайнды сатып алганбыз. Ачыгын айтсам, Акман айыл аймагында жеке менчик МТСти ачтым десем жаңылбаймын. Менин бул багыттагы иш-аракеттеримди Алма-Ата шаарында иштеп жатышкан 2 бир тууганым жакындан көмөк көрсөтүшөт,- дейт жеке ишкер фермер Актилек Өсөркулов.

 

Жеке фермер Актилек Өсөркуловдун карамагында 12 адам эмгектенет. Анын ишинин алга жылуусунда казакстандын Алма-Ата шаарында иштеген эки агасы финансылык каржылоодон жакындан көмөк көрсөтүп, үзбөй жардамдашып турушат. Фермер быйыл арпанын “Гетман” жана күздүк буудайдын “Безостая-1” сортунан мол түшүм жетиштирип алуунун аракеттерин күч алдырып жаткан кези.

 

Базар-Коргон айыл аймагына караштуу Толкун Мойдунов жетектеген “Карим-Ата” дыйкан чарбасынын дыйкандары жылына эки ирет түшүм жетиштирип алуунун сырларын жакшы өздөштүрүп алышкан. Учурда алар өстүргөн чеснок аянттары мол түшүмдөн ишенимдүу кабар берип турат.

—   Базар-Коргон жана Сейдикум айыл аймактарынын дыйкандары жылына эки ирет түшүм жетиштирип алуунун сырларын эң мыкты билишет. Алар июнь айына жеткирбей чесноктун түшүмүн жыйнап алышып, экинчи түшүм катары сабиз менен пияздын үрөндөрүн себишет,- дейт Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Каныбек Тилекеев.

Ал эми Сейдикум айыл аймагына караштуу Топурак-Коргон айылынын фермери Сатыбалды Юнусов 2,75 га. аянтка чигиттин супер элита сортун эккен. Азыркы мезгилде пленка алдында эгилген чигиттердин 90 пайызы тегиз өнүп чыкты. Мындан сырткары фермер уулу Фархад менен биргеликте 20 сотых аянтка беде жана 38 сотых аянтка жүгөрү эгүүнү мерчемдеп жатышат.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов Базар-Коргон аймактык ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн азыркы абалы, энелер менен ымыркайлардын ден соолугун коргоо жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер менен дагы жеринде таанышып чыгышты. Базар-Коргон аймактык ооруканасынын директору Батырбек Субанкулов, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, КРнын Саламаттыкты сактоо министринин облустагы куратору Маматжан Миянов 2016-жылы толук капиталдык ремонттоодон чыгарылган райондук төрөт үйүнүн азыркы кездеги иш-аракеттери туурасында кеңири маалымат беришти. Төрөт бөлүмүнүн башчысы Аида Өмүрзакова белгилеп кеткендей, азыркы мезгилде бөлүмдө 6 акушер-гинеколог жана 20 медайымдар эмгектенип жатышат. Былтыркы жылы аталган бөлүм 5 млн. сомго толук капиталдык ремонтоодон чыгарылган жана ымыркайлардын ден соолугун камкордукка алуучу заманбап аппаратуралар жана жабдуулар менен жетиштүү камсыздалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: