Menu

Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында күнөскана курулуп, жашылчаларды сактоочу муздаткыч имараты курулууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай  айылындагы күнөскананын учурдагы иши жана муздаткыч цехинин курулушу менен жеринде таанышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы  билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылындагы жеке ишкерлер Арыналы Калматов менен Равшан Мырзахмедов тарабынан курулган 30 сотых аянтка курулган күнөскана жана миңдеген тонна жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткыч цехинин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Жеке ишкерлер Арыналы Калматов жана Равшан Мырзахмедов учурда 30 сотых аянтка курулган күнөсканага “Барон” сортундагы помидордун эрте бышып жетилүүчү жана түшүмү көпкө сакталып, сыртка экспортко чыгарууга  ыңгайлуу болгон сортун остүрүп жатышат.

—   Кызыл-Ай айылындагы “Ак була” пахта заводунун алдында 30 сотых аянтка жашылча өстүрүүчү күнөскана курулуп ишке берилди. Мындан сырткары бул жерде жүздөгөн тонна жашылча-жемиштерди бузбай сактоочу атайын муздаткыч цехи курулуп, бүткөрүлүүнүн алдында турат. Анын ишке кириши менен Кызыл-Ай айылында 70 жаңы жумуш орундары түзүлөт,- деди Сейдикум айыл аймагынын башчысы Эркинбек Дөөлөталиев.

— Келечекте азыркы иштеп жаткан күнөскананын аянтын 1 га. жеткиребиз. Жашылча-жемиштерди талаптагыдай асырап сактоо менен аны экспортко чыгарсак дыйкандарыбыздын маңдай терлеринин акыбети сөзсүз кайтат. Ишкерелерди ашыкча текшерүүлөр кыл менен буугандай кыскарып азайды. Биздин жеке ишкердүүлүгүбүздү өнүктүрүүгө “Айыл банктын” райондогу бөлүмү тарабынан айыл чарбасын колдоочу жеңилдетилген максаттуу кредиттердин берилүүсүнүн пайдасы абдан чоң болууда,- дейт жеке ишкер Арыналы Калматов.

Кызыл-Ай айылында жеке ишкердүүлүк менен алектенип жатышкан ишкерлер Арыналы Калматов жана Равшан Мырзахмедов жергиликтүү калктын кызыкчылыгы менен керектөөсүн такай эске алышып, май чыгаруучу цехти дагы ишке киргизишкен. Кызыл-Ай айылынын калкы пахта чигиттери менен күн карамынын түшүмүн май чыгаруучу цехине тапшырып, өздөрүнө пайдалуу келген шартта анын үзүрүн көрүп келишет. Жеке ишкерлер жергиликтүү калк менен атайын түзүлгөн келишимдин шартында аларга айдоо аянттарын айдоого, сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо иштерине жакындан кол кабыштарын  көрсөтүп келишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: