5 күндөн бери Чүй облусундагы Дача-Суу айылына ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери тынбай каттап, үймө-үй кыдырып, айылдагы уюштуруу комитетинин мүчөлөрүн камап баштады.
Айыл тургундарынын айтымында, эки күн мурда айыл тургуну Дөлөтбек Ормонбековду милиция кызматкерлери кармап кетип, Сокулук ИИБне камап салышкан. Андан тышкары, Даныш жана Кубан аттуу эки активистин да күч органдары кармап кеткенин айтышууда.
Дача-Су айылынын жашоочусу Капар Райымбековдун билдиргени боюнча, кечээ да күч кызматкерлери айылга келип, Базаркул Ормонбеков аттуу айыл тургунун кармап кетүүгө аракет кылышкан. Бирок кошуналары чогула калгандан улам ал кишини калтырып кетишкен.
Капар Райымбековдун айтымында, айыл тургундары кечээ, 18-апрелде митингге чыгышмак. Ал ушул иш-чарага байланыштуу күч кызматкерлери активисттерди камап жатат деген ойдо.
Эске сала кетсек, Дача-Суу айылынын жүзгө жакын тургундары 11-апрелде Ак үй алдына митингге чыгышкан. Алар бийликтен айылды коопсуз жайга көчүрүүнүи, ошондой эле учак кырсыгынан жабыр тарткан айыл тургундарына жардам катары чогулган акча каражаттарын калыс бөлүштүрүп, айылдын макамын тактап берүүнү талап кылышкан.
https://youtu.be/E-LoWZrMocg
https://youtu.be/4y8aQnYaT-Y
Булак: “Майдан”
Видео: “zanoza.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ