Menu

“Кылым кылмышы” аталган мародерчулук

Бөлүшүү:

“Кылым кылмышы” аталган 2010-жылдын 6-7-апрель күндөрүнөн кийинки мародерчулук окуялары “Ата Мекен” партиясынын лидери болгон далай мурдагы жана азыркы мүчөлөрүнүн түбүнө жетет окшойт. Бул окуяны иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүлгөн эле. 13-апрелде КСДП депутаты А.Артыков башында турган ошол топ апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутучуларын талап-тоноо, «Мегаком» жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу тууралуу отчет берди. “Бул жерде түздөн түз ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Ноорузбаев кызыкчылыгы бар киши болуп чыкты. Ал ачык-айкын, мыйзамды тебелеп, ишти жаап койгонго аракет кылган. Ошол киши кол койгон төрт токтом бар. Бул маселе экинчи жолу көтөрүлүп чыккандан кийин кайра иш козголгон. Жаза аткаруу кызматы биринчи эле ошол төрт токтомду жокко чыгарып бериниз деп Башкы прокуратурага кайрылган. Ошол кездеги баш прокурор Аида Салянова буга макул болбой, токтомдор жокко чыккан эмес. Ошол экинчи кылмыш иш козгогон тергөө тобунун өзүнө кылмыш иш ачылган”,- деди Анвар аке. Ал эми президент апрелдин аягында бул иш боюнча дагы ондой чоң кызматтагы адамдар камаларын айткан болчу. Алар кимдер болду экен?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: