Menu

Саясатты кирдеткен шылуун, суу жукпас жүздөр бар…

Бөлүшүү:

– Саясатта сиздин көңүлүңүзгө жакпаган, жандүйнөңүздү ооруткан, кирдеткен кандай көрүнүш бар?

Камчыбек ТАШИЕВ, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери:

“МЕН БАЙКАГАН ӨТӨ ТЕРС КӨРҮНҮШ – БУЛ САЯСИЙ ЖАРНАМА”

-Менин саясатта жүргөнүмө 20 жылга жакындап калды. Ошондон улам мен байкаган өтө терс көрүнүш – бул саясий жарнама, башкача айтканда, азыркы заманбап тил менен айтканда “пиар”. Туура, жасаган жумушуңду айтып, көрсөтүп, ошол эмгегиңдин бааланышын каалайсың. Бирок, кээ бир саясатчылар ушул саясий пиар менен эле жашап, элди алдап, саясий мезгилге карата калпты көбүртүп жүрүшкөндөрүн көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ошол саясий пиардын артында канчалаган ыплас иштер, калптар, эки жүздүүлүк жана атайын жарнама аркылуу элди түз жолунан адаштыруу максаты турганын ачык айтыш керек. Саясий ыплас пиарды кимдер жасайт – булар эбегейсиз уурдалган акча менен байыгандар, анан ошол ашып-ташкан акча каражаттары аркылуу бийликке умтулгандар. Булар чөнтөгүнүн калыңдыгына таянып эл алдында калп пиар жасап, ак эмгектүү, чынчыл адамдарга үстөмдүк кылууну каалашат, мамлекет жөнүндө көп сүйлөшөт, бирок ошол мамлекеттен уурдаган шылуун, суу жукпастар экенин жакшы билебиз. Эл көзүнө көрүнүү үчүн ат же трактор мине калышат, же болбосо күрөк алып кум ташып калышат, а түпкү максаты – эптеп элди алдап, мындан да көп байлыкка жана бийликке жетүүнү эңсешет, аны ишке ашыруу үчүн баарына даяр. Бул шылуундар адамдардын тагдырына карап олтурушпайт, досу, санаалашы болобу, тепсеп кете беришет, айрыкча үзөңгүлөш шериктерин. Мына ушундай адамга окшогон шылуун-шумпайлар бүгүнкү коомубузда көбөйдү. “Калк айтса, калп айтпайт”, эл булардын катарында кимдер бар экенин жакшы билет. Убагы келгенде биз да фактылар менен, алардын аттарын элге жарыялайбыз!

Кадыр КОШАЛИЕВ, “Таза коом” элдик партиясынын тең-төрагасы:

“САЯСАТКА БИЗНЕС-КРИМИНАЛДЫН АРАЛАШЫП КЕТИШИ МЕНИН ЖАНДҮЙНӨМӨ ТЫНЧТЫК БЕРБЕЙ ЖҮРӨТ”

– Бийлик менен элдин ортосундагы ажырым жана ишенбөөчүлүк, реалдуу турмуш менен коошпогон популисттик сөздөрдүн көптүгү, мамлекеттик бийлик жана байлык ресурстары элдин кызыкчылыгы үчүн иштебей жатышы, ошондой эле саясатка бизнес-криминалдын аралашып кетиши менин жандүйнөмө тынчтык бербей жүрөт.

Камила ТАЛИЕВА, экс-биринчи-вице-премьер-министр:

“МЕНИН КӨҢҮЛҮМӨ ЖАКПАГАН КӨРҮНҮШ – ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮК, ХАМЕЛЕОНДУК!”

-Саясатта, менин көңүлүмө жакпаган көрүнүш – бул эки жүздүүлүк, жумшак айтканда, орой айтканда, хамелеондук, принципсиздик! Күнкарама саясатчылар, жеке маселесинин деңгээлинен өйдө көтөрүлө албаган байкуштук, бечаралык бейнелер мага жек көрүү, жийиркеничтүү туюлат.

Раушан АЙТКУЛОВА, коомдук активист:

“ЭЧАК ЭЛЕ САЯСАТТА БОЛУП АТКАН ОКУЯЛАРГА САНААРКАБАЙ КАЛГАМ”
– Саясатта жалпы эрежелер бар, биздикилер да алардан айырмаланбайт. Саясат менен алектендиңби – бул жетишкендиктери да, кемчиликтери да бар иш экенин сезип, өзүңө дайыма отчет беришиң керек. Ал дайыма эле баарына жага бербейт.Ошондуктан, мен кыргыз саясатынын агымынан трагедия деле көрбөйм… Баары жакшы. Жашоодо адам үчүн башка да түйшүк толтура, мен эчак эле саясатта болуп аткан окуяларга санааркабай да, ойлонбой да калгам. Биздин коом ашыкча саясатташып кетти, так ушундан бир катар фигуралар пайдаланып атышат деп ойлойм.

Канышай МАМЫРКУЛОВА, журналист:

“КЫРГЫЗ САЯСАТЫ ТУРУШУ МЕНЕН ЖАКПАЙТ…”

– Кыргыз саясаты турушу менен жакпайт… Социалдык, экономикалык, укуктук маселе аз өлкөдө биздегидей баш-аламандык болмок эмес. Кыргыз бийлиги оппозиция менен алышканча мына ушул көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл буруш керек эле. Саясатта жүз жок деп коюшат. Жүзү жок кылган ошол саясатты түшүнбөй туруп илешип алгандар. Аттарын айтып эле коет элем. Өздөрү деле “Фейсбукта” жылдыз болуп жүрүшөт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: