Menu

Жалал-Абад: “Баатырлардын урпактары” кыймылы шаар активи менен жолугушту  

Бөлүшүү:

 

“Баатырлардын урпактары” кыймылынын мүчөлөрү Жалал-Абад шаарында болушуп, шаар активи жана Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан ардагерлер менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, аталган кыймылдын мүчөлөрү шаар активине Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда азыркы Россиянын Ржев аймагында советтик жоокерлер менен немецтик-фашисттик аскерлердин ортосунда ири салгылашуу болгону, ал салгылаштарда 2 миллиондун тегерегинде советтик жоокерлер курман болуп, бул тууралуу тарыхый маалыматтарда айтылбай келгенин билдиришти. Ал салгылаштарда Кыргызстандан барган 17 миңден ашуун жоокерлер да курман болушкан.

Аталган кыймылдын төрагасы Таалатбек Масадыковдун айтымында, элге тынчтык алып келген аталарды унутпай, аларды дайыма эскерүү, курман болуп, сөөгү чет жакта калган аталардын урпактарын таап, аларга Ржевге барып зыярат кылуусуна шарт түзүү иштери маанилүү нерсе.

-Көпчүлүк азыркы атуулдар аталарынын сөөгү кай жерде жатканын билишпейт. Биз издөө иштери менен алек болуп, аларга жардам көрсөтүүнү, аталардын эрдиктери, тагдыры тууралуу азыркы муундарга маалымат жеткирүүнү, дайынсыз жоголду деп эсептелген аталардын дайынын издеп табууну өз моюнубузга алып отурабыз. Азыркы кезде Ржев аймагында сөөгү калган 50 кишинин дайыны табылды, алардын урпактарына маалымат жеткирдик. Эми алардын Ржевге барып, зыярат кылышына да жардам көрсөтүү ниетибиз бар. Анан да келе жаткан 9-май – Жеңиш күнүн жер-жерлерде жакшы уюшкандыкта өткөрүү зарылдыгы бар, – деди ал.

Жолугушуу учурунда Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан шаардык ардагерлердин тобу катышышып, “Баатырлардын урпактары” кыймылынын мүчөлөрүнө ыраазылык билдиришти. Ошондой эле шаар бийликтеринин атынан вице-мэр Айзат Раматиллаева, шаардык ардагерлердин атынан ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиев кыймыл мүчөлөрүнө ыраазылык билдиришип, алардын аракеттерин колдоого алышарын айтышты.

Жолгушуу учурунда ага катышкандар кыймылдын мүчөлөрүнө кызыккан суроолорун беришти жана жоопторду алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: