Menu

Токтогул сыйлыгы – КСДПнын менчигиби?

Бөлүшүү:

Сыйлыктарды соңку жылдарда адабиятчылардын, коомчулуктун пикирлери менен эсептешпей, чыгармалардын чыныгы баасына, салмагына, ички мазмуунуна карабай, айрым талапкерлер жең ичинен тааныш-тамыр, дос-жар, бийликтеги таасирлүү адамдар аркылуу (акча берип алып жатышкандары да эл ичинде айтылууда) алып жатышкандары жашыруун эмес.

А негизинде Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын талабы өтө жогору. Улуу акындын атындагы бул абройлуу адабий сыйлыкка татыктуу чыгарма – эң башкысы көтөрүлгөн жаңы идеялары, изденүүлөрү, көркөм табылгалары менен айырмаланган чыгарма болушу керек.

Быйыл да адабият, искусство тармагындагы чыгармаларга аталган сыйлык ыйгарылмакчы. Сыйлык ыйгаруу канчалык деңгээлде калыс өтөт, аны убакыт көрсөтөт. Анткен менен эл ичинде Токтогул сыйлыгын кимдер алаары тууралуу “дуу-дуу” кеп жүрүп баштады. Адабият тармагынан эки талапкерге -Элүүбай Отунчиев менен Кожогелди Култегинге ыйгарылат имиш. Эгерде адабиятчылардын, жалпы эле коомчулуктун дегеле талапкерлерге карата ой-пикирлери Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комиссиясы тарабынан эске алына турган болгондо, мындай имиштер жүрбөсө керек эле. Дегенибиз, талапкерлердин чыгармалары коомчулуктун сынына коюлбай жатып эле, ала тургандар белгилүү болуп жатпайбы.

Имиштер да жөн жерден чыкпайт. Ошол имиштерге караганда Элүүбай Отунчиев (бүгүнкү адабиятта андай деле орду жок) президент Алмазбек Атамбаевдин кишиси болсо, Кожогелди Култегин премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жердеши. Бир жагы “Түрксойдон” туруп, бир жагы премьер-министр агасына таянып “Эл акынын” алганына жарым жыл болуп-болбой, элдин пикирин уруп койбой эми Токтогул сыйлыгын илип кетсе, жердеш агасы Сооронбай Жээнбековго эле сөз тийет го? Антпегенде мамлекеттик сыйлыктардын аралыгы 5 (беш) жылдан кем эмес убакытта берилет деген мыйзам бар эмеспи. Бүгүн Кыргызстанда мыйзамдуулук иштебей эле, ыңгайлуулук иштеп жатпайбы. Ал эми президент Атамбаевди бетке кармап, Токтогул сыйлыгын алам деп турган Элүүбай Отунчиевге “гяп” жок.

Ошондо, Токтогул мамлекеттик сыйлыгын СДПК берип, СДПК алган болуп калабы?..

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: