Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” жүзөгө ашыруу жана кыргыз тилиндеги терминологияны унификациялоо максатында 2017-жылдын 20-21-апрелинде саат 10:00дө «Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференциясын өткөрөт. Бул тууралуу тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Конференцияга министрлик-ведомстволордун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.
Конференцияда төмөнкү багыттардагы баяндамалар жасалалуусу күтүлүүдө:
- тармактык терминологиянын актуалдуу маселелери;
- лингвистикалык терминологиянын актуалдуу маселелери;
- тил саясатын ишке ашыруудагы лингвистикалык изилдөөлөр”.
Дареги: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин №2 имараты, И.Раззаков көч., 51.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ