Menu

Куудулдары жок куудулдар театры керекпи?

Бөлүшүү:

Ырас, ишти жасоо кыйын, сындоо оңой. Анын сыңарындай, “мурдагыдай жакшы күлкүлөрдү тартуулай албай калышты”- деп куудулдарга нааразы болуп жүргөндөр бар. Деген менен, “Чалкан” сыяктуу сатираларык журналдарыбыз жабылып, кычкыл сөздөрдү тапкан сатириктерибиздин калемдери чөнтөктөрүнө экинчи чыккыс болуп салынып, курч макала жазган журналисттер буюртма аркылуу “чабылып”, кошоматчылык таланты бар калемгерлер гана “азамат” деп табылып жаткан түлкү заманында сатиранын туусун эптеп көтөрүп келе жаткандар – ушул азаматтар, куудулдар. Кээде чукугандай сөз таап, тээ Ак үйдө отурган “бир адамды” да мыскылдаганга даап, коомубуздагы терс көрүнүштөрдү сахнадагы интермедия аркылуу мээлеп “атып” жатышат, элине анча-мынча болсо дагы күлкү чачып жатышат.

Биздин баамыбызда, соңку жылдары куудулдарыбыз ар коктуга бөлүнүп оттоп жаткан суурлардай бириндеп кетишти. Эгер биримдик болуп, илгеркидей “Мыскыл жана тамашаны” чогуу алып чыгышса, кайрадан куудулдарда барк болмок, элибиз күлкүгө карк болмок. Баштарын бириктирген соң, иштери жүрүп оң, аларды бирден сындыра алмак эмес эч бир “чоң”.

Мындан бир топ жыл илгери Шаршен атындагы куудулдар театры түзүлгөнүн, арадан көп өтпөй андан куудулдар кетип калып, ал театрда жалаң куудул эмес артисттер иштеп калганын билебиз. Мунун себебин бир кезде ошол театрда иштеген Жамбыл Камчиевден сурасак, ал минтип жооп берди: Буга Марат Алышпаев менен Акылбек Абдыкалыков күнөөлүү. Алар, жалаң юморго кызыкпагандар өз ара уюмдаша калышып, Жаныбек Алыкуловду гастролдо жүргөн учурунан пайдаланып, директорлуктан түшүрүп салышкан да куудулдарды жолотпой коюшкан. Жаныбектин дагы анча-мынча күнөөсү болушу мүмкүн. Себеби, ал өзүн чиновник катары сезбей, төрөпейил болбой, эч кимди сөкпөй, кабинетте үстөлүн кучактап кабак бүркөп отурбай, көбүнчө эл арасында
жүрө берчү. Ошентип, азыркы кезде куудулдар театрында куудул эмес артисттер иштейт. Бир караганда, бул – парадокс!”.

Эми куудулдар театрында иштеп жаткан артисттерди Илияз, Жамбыл, Абдылда, Рахман, Күмөндөр сыяктуу куудулдарга имаратты бошотуп бергиле дегенден алысмын. Айтайын дегеним, Асанкул Шаршенов атындагы куудулдар театры түзүлүп, анын директорлугуна Келдибек Ниязов шайланса деген сунушум бар.

Куудулдар театры демекчи, албетте, алар үчүн дайыма чогулуп турушуна, жаңы интермедияларды даярдашына бир ыңгайлуу жай керек эмеспи. Издесе, табылат. Мисалы, мурдагы Ленин атындагы заводдун маданият үйүнүн бир-эки бөлмөсүн жана сахнасын куудулдарга берүү абзел.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: