Menu

Сапар Исаков: «Таза Коом» долбоору өлкөбүздү алдыга чыгарууга түрткү болот

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков 18-апрелде бизнес ассоциациялардын жетекчилери жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш чаранын катышуучуларына  «Таза Коом» улуттук долбоорунун бет ачары тартууланды.

Атамбаевдин бул долбоорду өлкөдө ишке киргизүү үчүн саясый эрки бар экенин Президенттик Аппараттын жетекчиси өзгөчө белгиледи.  Сапар Исаков бизнес өкүлдөрүн өлкө сыймыктана турган долбоорду колдоп, аны жүзөгө ашырууга салым кошууга чакырды.

«Урматтуу ишкерлер, сиздерсиз «Таза Коом» долбоорунун келечеги жок. Анын локомотиви жана негизги кыймылдаткычы башка бардык өлкөлөрдөй эле бир гана бизнес боло алат. Сиздердин билим менен тажрыйба азыр өтө керек. Ушул сыяктуу долбоор өлкөбүздү алдыга чыгарууга түрткү бере алат», – деди Сапар Исаков.

Аппарат башчысы жолугушууда бир гана  коррупция менен күрөшүү эсебинен 5 жылда өлкө бюджетине төлөмдөр 2,5-3 эсе өскөнүн айтты. Бирок укук бузгандардын баарын колунан кармай албайсың. Ошондуктан, анын оюнча,  Кыргызстанда коррупцияны алдын ала турган системаны түзүү зарыл.

«Биз жарандарыбыз тиги же бул маалымдаманы алыш үчүн, документтерди ырасташ үчүн убактысы менен нервин коротпой, мамлекеттик кызматтарды оӊой алгыдай шарттарды түзүүгө тийишпиз”, – деди Сапар Исаков.

Анын айтымында, жакын арада  «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңеш түзүлүп, ага маморгандардын, бизнестин, жарандык сектордун өкүлдөрү кирмекчи.

Андан кийин Президенттик Аппараттын башчысы жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Маалымат иретинде: «Таза Коом» долбоорун Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеп, жарандык коом, мамлекеттик түзүмдөр жана бизнес өкүлдөрүнүн күчү менен ишке ашырылууда. «Таза Коом» – жарандарына кызмат кылган, сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берген жана бизнеске жакшы шарт түзгөн мамлекетти куруу боюнча жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор. Бул долбоорду ишке ашыруу менен мамлекеттик башкаруунун ачыктыгына жетишип, коррупцияны алдын алууну күчөтүү мүмкүн. Долбоор жарандардын социалдык-укуктук чөйрөсүн камтып, алардын жашоо сапатын жана коопсуздугун арттырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: