Menu

“Суу өз нугунан которулса падыша да алмашат, быйыл да суу көтөрүлө баштады… “

Бөлүшүү:

Ушинтип айтып калганын угуп калчумун улуулардын. Негедир ошол накыл сөздү эстеген сайын көз алдыма 80-жылдар тартыла берет.

Айлана жашыл тукаба кийген жаз маалы. Бийик-бийик тоолордун койнунда жайгашкан Кара-Кулжадагы Тар дарыясы чоң-чоң таштарды “кулдурттата” агызып. “буркан-шаркан” түшө ташкындап турган убак. Кара-Таш айылынын Тарга кошулган Кайың суусу да бул убакта бирөө менен урушуп жаткан жаңжалкөй адамдай өзгөчө бир “жинденип” алат. Бул сууну кээ бирөөлөр “кандуу суу” деп жөн жерден атабаган чыгаар. Майда жандыктарды айтпай эле коёюн, нечен-нечен уйларды, жылкыларды аласалдыра агызып кеткен, үйдөй таштарды кулаткан, ал тургай, адам өмүрүн алган учурлары да болгон анын.

Кайың жайлоосундагы суу анда да көргөндүн жүрөгүнүн үшүн алган тири шумдук түр менен “күрпүлдөп” агып жаткан эле. Өз нугунан оонап, сайдын башка тарабы менен ага баштабаспы. Буга кээ бирөөлөрү анчейин маани деле берген эмес. Ал эми… Дал ошол жылы СССРдин башында турган Леонид Ильич Брежнев деген аксакалыбыз “прямо” тиги дүйнөнү көздөй сапар алды. Андан кийин бийликке Ю.В.Андропов деген “строгий” киши келгенин, албетте, жакшы билесиздер.

Юра келээри менен эле үзөңгүнү катуу теминди, камчысын кезеди. “Жумуштан эч ким кечикпесин, жумуш убагында эч ким себепсиз көчөдө жүрбөсүн”- деген талап койду. Райборборго жөнөөрдө да Айылдык Кеңештин кеңсесине барып, кандай себеп менен жолго чыгып жаткандыгыбыз тууралуу, барган жагыбызда канча күн жүрүп келээрибиз тууралуу справка жаздырып калганбыз. “Кызыл-Байрак” колхозунун башкармасы кой кыркымга жарым саат кечигип келген жаш жигитти: “Жаңы гана үйлөнгөнүңдү жакшы билебиз. Аялыңдын койнунда жыргап жата бербей эртерээк туруп, жумушка кечикпей келбейт белең, акмак! Азыр Андропов Сталиндин заманын кайрып келип койду. Каалаган жериңе арыздан. Сенин сөзүңдү эч ким укпайт”,- деп жанындагы жан-жөкөрлөрү менен бирге уруп-согуп, тепкилегени али да көз алдымда. Эгер тартип ошол бойдон кете бергенде, өлкөбүз ого бетер өнүкмөк, союз эч качан бузулмак эмес.

Тилекке каршы, кийинки жазда да Кайың суусу башка нукка оонап түштү эле, Андропов дагы бул дүйнөдөн “тиякка” оодарылып кете берди. Андан кийин М.В.Черненко деген киши эки тизгин, бир чылбырды колуна алды.

Бирок, андан кийинки жазда дагы Кайың жайлоосундагы суу орун которуп, аябай “черный” болуп ага баштады эле, Черненко да кош бол жарык дүйнө деп кете берди.

Анан эмне болду? М.С.Горбачев падышалык тактыга отургандан баштап, Кайың суусунун оодарылганын байкабадык. Күндөр, айлар, жылдар өтүп жатты.

Мен болсо, Жалал-Абаддан “бал аарычылыктын мастери” деген адистик алып, бал челектери Капчыгайдын Токтош участкасына жайгашкан Адилжан аттуу аарыкечке жардамчы болуп жаңы гана орношком. “Шефим” башка айылдык болгон соң, жумушка анда-санда гана келчү. Ошондуктан бал челектен тез-тез кабар алып, кээчке жумуш менен алекмин. Бир жагынан кыштыр-жайдыр асман мелжиген чокусунан ак кар кетпеген, боорунан миңдеген булак чыккан, кооз тоо койнуна жайгашкан Токтоштун атыр жыттуу гүлдөргө, түркүн бак дарактарга бай, торгой, булбул сыяктуу куштары кубулжута музыка чалган ажайып табийгатына суктансам, бир жагынан тыным албаган, “перекур” кылбаган аарылардын эмгекчилдигине суктанам.

Күндөрдүн биринде жумушка барсам, бал челектерге чукул жердеги суу таптакыр башка сайда ташкындап, шагылдарды, таштарды “сапырылтып” агып жатыптыр. Үч күн бою ошентти. Төртүнчү күнү гана кайрадан мурдагы нугуна түшүп калганын байкадым. Дал ушул мертебе жумушка Адилжан менден мурдараак барган экен.

– Суу бизге керек да,- деди ал. – Алышка барып, бир топ убарагерчилик менен сууну өз нугуна салып келдим.

Ошол жылы Кремлде ГКЧП чыгып, төңкөрүш жасайм деген “эргулдар” өлкөгө үч күн “башчылык” кылышты го. Анан Москваны “кармап” турган Ельцин “Горбачев ордуна келсин” деп, төңкөрүшчүлөрдү таш талканын чыгара талкалабадыбы. Ошондон кийин ГКЧПнын үч күндүк бийлигин Токтоштогу үч күн башка нук менен аккан сууга салыштыра берчү болдум. Ал эми Ельцинди Адилжанга… Бир караганда, экөөнүн тең кебете-кешпирлери да бири-бирине окшошуп кетет: олбурлуу, көгүш көздөр, салыңкы кабак…

Эми болсо, ал кездеги эсил кайран СССР жок. Суу которулса, анын таасири, албетте, Москвага тийбейт, Бишкекке тийиши мүмкүн. Быйыл өзгөчө жаанчыл болуп, демейдегиден көп түшкөн көчкүлөрдүн мөңгүлөрү ээрип, дарыялар мурдагы “сызыкчасынан” бир топ жогору көтөрүлүп агып жатканын КТРден кабардар болгон сайын ичимден кыпылдап, “мейли, суу көтөрүлсө көтөрүлсүн, бирок, эл көтөрүлбөсө экен” деп тилеп турам. Себеби, бийлик алмашкандан деле эл эч нерсе утпайт турбайбы. Утса, бийлик үчүн көксөп жүргөн бир ууч чиновниктер гана утат экен. Ошон үчүн учурдан пайдаланып, бийликке нааразы болгон адамдарга минтип кайрылаар элем: силер эч качан бийликти кууган революцияга кызыкпагыла! Андан көрө жан дүйнөңөргө революция жасагыла! Өзүбүздүн гана эмес, жалпы элдин бакуубат жашоосу үчүн күрөш жүргүзүүбүз абзел. Андыктан коррупциялык илдеттерге тайманбай каршы чыгып, илимден да, адабият менен маданияттан да, өндүрүштөн да өсүштөрдү жаратып, айтор, бардык тармактардан тең бир уяга бал ташыган аарылардай чымырканып иштешибиз, биримдикте болушубуз керек, Кыргызстаныбыздын кубаттуу өлкөгө айланышына ар бирибиз кол кабыш кылышыбыз керек. Эки бийликти кууганбыз деп сыймыктанганыбызды таштайлы. Антип мактангандан кайра уялалы. Себеби, ошол убакта бүт дүйнө шылдыңдап карап турган мародерчулукту, каракчылыкты аарылардын жумушчулары ташып келген балды жеп-ичип жаткан “трутендери” (эркектери) да жасабайт…

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: