Menu

Ош шаары – таштандылар полигону

Бөлүшүү:

Ош шаарынын булуң-бурчунан күн сайын тонналап чыгарылган акыр-чикирлер түштүк башкалаасына караштуу ДЭУ-21 айылынын чекесине жеткирилип, анан үйүлөт. Андан чыккан сасык жыт жана мурунду өрдөгөн түтүн аталган кыштакты тегиз каптап, а түгүл бөөдө ооругандар дагы арбып, жугуштуу дарттар ого бетер көбөйүп баратат. Тилекке каршы, шаар бийлиги дегеле бул жөнүндө ойлонуп, чукул чара керөөр түрү жок!

Монускан ТОЙЧУЕВА, Ош шаарына караштуу Жапалак айыл башкармалыгынын аялдар Кеңешинин төрайымы:

– Бул кыштакты 47 жылдан бери жердеймин. Шаарыбыз улам кеңейген сайын таштандылары дагы абдан эле көбөйдү. Акыр-чикир ташталчу полигондо тим эле лөлүлөр жайнайт. Алар мындагы желим баштыктарды чогултуп жүрүшөт. Мындан тышкары темир-тезек жыйнагандар дагы улам калыңдап баратат. Анан таштанды полигонун булар тынбай өрттөп, айланасын үзгүлтүксүз түтүн жана кызыл жалын каптап турат. Ошентип, абдан эле сасык жыт жана түгөнбөгөн түтүн күнү-түнү айылыбызды каптап, түрдүү оорулардын түрү дагы өтө көбөйдү.

Токтобү АЛАНОВА, Ош шаарына караштуу ДЭУ-21 айылынын тургуну:

– Кыдырып көрдүңөр го. Акыркы күндөрдө таштандыларды чочколор дагы беймарал эле жойлой баштады. Бул боюнча Ош шаарынын мэрине жана Жапалак айыл башкармалыгынын жетекчилигине кайрылып атып тилибиз, каттай берип таманыбыз тешилип бүттү. Мына бул аймакта жолбун иттер дагы полигонду беймарал секин желип-жортуп жүрүшөт. Арасында кутургандары дагыле бар. Буларды токтоосуз атышпаса, кийин-соң сөзсүз бирөө-жарымын каап, анын азабын куп эле тартабыз.

Раимжан АКМАТКУЛОВ, Ош шаарына караштуу ДЭУ-21 айылынын тургуну:

– Мобул дөңдөн абайлап карасаңыздар, баары, айрыкча таштанды полигону тим эле алаканга салгандай дапдаана көрүнөт. Анын үстүндө айылыбыз абдан эле чакан. Жердештерибиз өмүрүндө таза суу ичише элек.

Айылыбызга Он Бир Адыр тараптан жана Дача конушунан саркынды жана кир суулар тынбай агып кирет. Дал ошол булганган суудан биз аргасыздан ичебиз, эй! Муну тазалатайын деген мэр жок! Кээде кадырлуу конокторубузга шаарга карайбыз дештен дагы чындап эле уялабыз.

Биз дагы кесиптик вазийпабызды аткарып, Ош шаарынын чекесиндеги акыр-чикир ташталчу полигонго баш бактык. Өтө сасык жыт тим эле мурунду чүйрүтүп. көңүлүбүздү дароо айлантты.

– Эй киши! Бул биздин территория! Кирбегин! – деп кыйкырды таштанды полигонунда өзүн чыптага жашырган жигит.

Ал эми таштандыларды беймарал аралаган лөлүлөр менен эч кимдин чатагы деле жок. Булардын айтымында, чоң чыпталарга бекем шыкалган желим бөтөлкөлөрдү иңир кигенде 12-автобуска жүктөшөт. Анан бул транспорттордун айдоочуларды лөлүлөрдү жүгү менен тиешелүү жерге жеткирип, ага жараша айдоочулар акысын дагы алып турушат экен.

“Ош тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров алардын түйшүгү соңку тапта кыйла эле арбыгандыгын эч жашырган жок.

-Билинбегени менен шаарыбызда жашагандар улам эле көбөйүп баратат, – деп үшкүрүндү “Ош тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров. – Чымын-чиркейлер ого бетер көбөйдү. Ошондуктан, таштандылар полигонун шартка жараша дезинфекциялоого каражатты дээрлик үч эсеге көбөйттүк. Ошондой эле ишканабыздын эсебинен эки жаңы автоунаа дагы сатып алдык. Евразия өнүктүрүү банкы атайын долбоорубузду жактырган. Эми муну Жогорку Кеңеш ратификациялап, анан Өкмөт биротоло кубаттаса, Ош шаарында заманбап таштанды полигонун курабыз!

Соңку сааттарда Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы таштанды маселеси Ош шаардык Кеңешинде дагы “Республика-Ата Журт” фракциясынын жолбашчысы Акбаралы Батыров тарабынан бийик трибунада катуу көтөрүлдү.

– Чындыгында, Ош шаарындагы таштандылар тиешелүү мөөнөттө таптакыр дезинфекцияланып турбайт! – деп коңгуроо какты Ош шаардык Кеңешиндеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын жолбашчысы Акбаралы Батыров. – Муну “Ош тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров каражатка гана шылтоолоп кутулуп келатат. Жалган! Ал сураган акчаны Ош шаардык Кеңеши калаа казынасынан өзүнчө бөлүп берип келатат. Мындан тышкары таштандылар үчүн дагы элден олчойгон көлөмдө акча жыйналып жатпайбы. Алардын изи канакей! Жыйынтыгы жок!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: