Menu

Атамбаев Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту

Бөлүшүү:

Атамбаев бүгүн, 19-апрелде Кыргызстанга расмий визит менен келген Ислам Иран Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдө кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, саясый диалогду андан ары өнүктүрүүнүн, банк чөйрөсүндө, инфраструктура жана курулуш, инвестициялар жана соода жаатында кызматташтыктын практикалык кадамдарын ишке ашыруунун зарылдыгы  белгиленди.

Жогорку деӊгээлде өз ара визиттердин болушу жана алардын артынан эки тараптуу байланыштардын жандануусу Кыргызстан менен Иран ортосунда өз ара алака-катыштардын жаңы этабынын күбөсү болуу менен аларды ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: