Menu

Нарын областтык сотунда жетекчилер шайланды      

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 22-октябрь 2004-жылдагы №9 ”Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун регламенти” жана Кыргыз Республикасынын   Жогорку сотунун 29-декабрь 2012-жылдагы №12 Пленумунун токтомунун негизинде  Нарын областтык сотунун төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча Нарын областтык сотунун судьяларынын жалпы чогулушунун жыйынтыгы менен   Нарын областтык сотунун төрагасы кызматына Абдыбеков Алдаярбек шайланды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Ал эми Нарын областтык сотунун төрагасынын жазык иштери боюнча соттук коллегиясынын орун басары болуп судья Орозалиев Алмаз Казиевич, жарандык иштер боюнча областтык соттун төрагасынын орун басары болуп судья Турат Торуевич Ташмамбетов жана Нарын областтык сотунун төрагасынын экономикалык иштер боюнча орун басары болуп судья Дүйшөнбекова Майрагүл Мырзабековна  шайланышты.

Абдыбеков Алдаярбек

Абдыбеков Алдаярбек 1960-жылы 4-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жогорку билимдүү юрист. 2-квалификациялык класстагы судья.

А. Абдыбеков жогорку юридикалык билим алганга чейин 1982-жылы Ташкенттеги юридикалык техникумду бүтүрүп келип, Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында юрисконсульт кызматында эмгек жолун баштаган. Мамлекеттик нотариалдык конторада нотариус, Ысык-Көл жана Нарын областтык адвокаттар коллегиясынын мүчөсү катары адвокаттык кызматтарда эмгектенген. 2002-2007-жылдары Нарын областтык адвокаттар коллегиясынын төрагасы болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-апрелиндеги Жарлыгы менен Нарын областтык сотунун судьялыгына дайындалган.

2013-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен судья болуп, экинчи мөөнөткө дайындалып, Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары болуп, жазык иштери боюнча соттук коллегиясын жетектеп иштеген.

2015-жылдын июнь айынан бери Нарын областтык сотунун төрагасынын милдетин  убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн. 2016-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги 10-курултайында Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин тартип комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.

А. Абдыбеков Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтеринин жана ведомстволорунун Ардак грамоталары менен сыйланган. 2013-жылдан бери “Нарын облусунун ардактуу атуулу” наамынын ээси.

Жалпы юридикалык иш стажы 35 жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: