Menu

Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык мекемелерге тиешелүү болгон жерлерди, имараттарды кайра кайтаруу боюнча токтом кабыл алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун жеткире иштелип чыккан долбоору каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Токтомдо КР Өкмөтүнүн аткаруусуна бир катар тапшырмалар тизмектелген. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнуна чейин саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына тиешелүү мүлктөргө инвентаризация жүргүзүүгө тийиш.

Ошондой эле социалдык мекемелерге тиешелүү жер тилкелерине ар кандай курулуштарды алардын ижарага берилүүсү менен менчиктештирилишинин мыйзамдуулугу аныкталганга чейин токтотуу жагы айтылган.

Мындан сырткары жогорудагыдай обьектилерди менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт мекемелерине реинвестиция кылуу, мыйзамсыз ижарага берүү, мыйзамсыз менчиктештирген жер тилкелери боюнча жаңы табылган фактылар жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына жиберүү сыяктуу бир катар тапшырмалар каралган.

Токтомдо Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынан саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарынын обьектилерин чыгаруу боюнча да тапшырма бар.

Белгилей кетсек, бул маселе парламент жыйынынын 26-январында өткөн «өкмөттүк күнүндө» каралган. Тиешелүү токтом долбоору Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине жеткире иштеп чыгууга жиберилген эле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: