Menu

“Боинг–747” авиа кырсыгынан каза болгон жана жабыркагандардын туугандары Түркиянын «ACT Airlines» авиакомпаниясынан компенсация алуу үчүн документтерин ырасташууда

Бөлүшүү:

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда катталган “Боинг–747” авиакырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын жакын туугандары учурда Түркиянын «ACT Airlines» компаниясына таандык болгон учак кырсыкка учурагандыктан компенсация жана материалдык жардам алуу үчүн документтерин даярдашууда. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү таратты.

Каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен мамлекеттик нотариус иш алып барып, компенсациялардын деталдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул процедуранын алкагында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарынын ар бири менен түрк авиакомпаниясынан алынуучу компенсация жана материалдык жардамга тийиштүү бардык суроолор такталууда.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта жабыр тарткандар үчүн жардам катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келген акча-каражаттарды бөлүштүрүү өнөктүгү башталат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн акча-каражатын бөлүштүрүү процесси курман болгон жана жабыркаган жарандардын кээ бир туугандарынын ортосунда акча-каражатын бөлүштүрүү принцибинде түшүнбөстүктөр жаралган үчүн кечеңдеп жатат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жарандардан атайын эсепке 100 млн. 499 миң 300 сом түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: