Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-апрелде, Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф менен жолукту. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташуу боюнча маселелер талкууланды.
Өкмөт башчысы кыргыз тарап эки мамлекеттин жогорку жетекчилеринин жолугушуусунда жетишилген келишимдерди ишке ашырууга өзгөчө маани берээрин белгиледи. Премьер-министр билдиргендей бекитилген келишимдер кыргыз-иран кызматташтыгынын саясий жана экономикалык платформасы болуп калды.
«Бүгүнкү күндө биз биринчи кезекте транспорт, кайра иштетүүчү өнөр жай, айыл чарба, энергетика, илим жана технология, тамак-аш жана жеңил өнөр-жай тармактарында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», – деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасына Ирандын тышкы иштер министринин иш сапары менен келиши, эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө шарт түзүп, маанилүү окуя болуп, мындан ары Кыргызстан менен Иран элдеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө негиз болооруна ишеним артты.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф Сооронбай Жээнбековго жолугушууда түзүлгөн мүмкүнчүлүк жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташуулар оң көрсөткүчкө ээ экендигин кошумчалады.
Мохаммад Джавад Зариф соода-экономикалык кызматташуунун катарында өлкөлөр ортосундагы аймактык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин баса белгиледи.
Мындан тышкары Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф Сооронбай Жээнбековго Ирандын Биринчи вице-президенти Эсхак Джахангирдин расмий иш сапар менен Иранга келип кетүү чакыруусун берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ