Menu

Бабановго батпагандар Сариевге сагалай башташтыбы?

Бөлүшүү:

Буга чейин ажо Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду чакырганы, бизге жеткен маалымат боюнча, «Соке, сен ордуңда иштей бересиң, президенттик шайлоого Сапарды чыгаралы» дегени ыраспы? Албетте, резиденциянын ички-тышкы турмушундагы жаңылыктар буйруктуу адамдарга угулуп калышы ажеп эмес.

Эмне сыры бар экенин ким билсин? Эгер Сапар Исаков мураскер боло турган болсо, саясатта такымын жешкен Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановго майдай жата турганы каңкууланды. Баса, соңку убакта Темикеге «Үчилтик» сыңарындагы Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров,
Камчыбек Ташиев өндүу саясатчылар баш байлоо менен бийликке жетүү жагын пландашканы тар чөйрөгө тарады. Эгерде «Үчилтик» соодалашып, «Акшумкар» партиясы менен тил табышып, биригүүгө келсе, анда түндүк катмардагы Сариевдин электораты Бабановго бурулуп кетүү жагы болжонуп атыптыр. Албетте, саясый технологияны ким мыкты өздөштүрсө, ошол жагына бакыт кушу ыроолойт эмеспи. Дал ушул жагынан Темике кыраакы саясатчы катары эки жагына туура саресеп салып, жаңылбай тургандай жолго түшүүсү абзел. Себеби, Ахмат, Адахан, Камчыны көргөн элибиз баягы Бакиевдин жаш кезин элестетет, а чынды-гында, дал ушундай жүрүштөн элибиз жыргап кет-мек беле? Биз эски «тырмоокту» кайра бассак, эл
кечирбейт да! А баса, дагы бир чылгый бакиевчи Бакыт Төрөбаев учурда элдин көзүн жайгарып, МТС ачымыш этил, ал дагы чоң саясый чөйрөдө соодалашууга батынганы байкалууда. Эл колдобой, тизеге чабылып калса не?..

Жыйынтыгында, «Үчилтиктин» келечек таг-дыры боюнча Бабанов менен алма жеп отуруп сурадым эле: «Булар сизге келсе кошосузбу?» деп. Тилекке каршы, Өмүке сабырдуулук маанайында жылмайып, баш чайкаганы эсимде. Бул жолугушуу марттын башында болгон эле. Кыскасы, бүгүн саясатта карайлагандар Темикеге, Өмүкеге жана Атамбаевге жабышьш, эптеп «бортко» жармашууну көздөшсө керек…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: