Menu

«Жандооч кийик аттырат» дечү эле

Бөлүшүү:

Соңку убакта көрүп атабыз, Өмүрбек Бабанов өзү трактор айдап, арпа сээп, дыйканчылык жаатын да жакшы билгендигин ашкереледи. Талаа жумушун катырып. А Ысык-Көлгө барган сапарында болсо, эл көйгөйүн айтуу менен таң эрте бир пансионаттын кара жумушуна аралашып, жер түздөп, брусчатка койгонго үлгүрдү. Ошого катар күлүк айгырын да №54 жылкы заводуна тартуулап салды. Дал ушундай кадамдарынан соң, калың эл дагы алкоого алып, «Бабанов март жигит тура, биздей эле карапайым турбайбы» дешүүдө. Ансыз да сүйкүмдүү талапкердин мындай жүрүштөрү калың катмарга жага баштаганы, акыркы убакта рейтинги алдыга озгону тастыкталууда. Эгерде мындан ары да кыйналган катмардын жашоосу менен камыр-жумур аралашып, ушул калыбынан жазбай кете берсе, ким билет, күздөгү президенттик шайлоодо урагыс чептей эле күчкө ээ болот го… Баса, «Жандооч кийик аттырат» демекчи, Бабановдун жанында жаш болсо да карыядай калбаат басып, пиар-менеджерлик менен шугулданган Кубат Болоткановдун жүргөнү да бекер эмес окшойт. Бири-бирине төп келишип…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: