Ушул күндөрү Ош шаарында жөнжай тирли-ин өткөрүп жүргөн экс-губернатор Жусупжан Жээнбековду жакында Акүйдүн 7-кабаты ажого жолуктуруу үчүн чакырык жасашат. Шаша-буша атайын чыгынып борборго келген Жусукебизди аппараттагылар күттүрүп, акырында унчукпай койгондору неси? Же ажобуздун убактысы болбой калганбы? Балким айланасындагы аткошчулары интрига кылып ийиштиби?
Чындап көңүлдөрү болсо, түнү менен болсо деле эски досун ажобузга жолуктурушат эле го? Буга ачууланган Жусуке Бишкекте жүрүп жазгы желге суук тийгизип алган экен, дене табы көтөрүлгөн тейде Ошту көздөй баса бергенинен кабардар болдук. Жусукени аксакалдык доорунда аппараттагы чунак жигиттер ары-бери чуркатпай, ушунча чакырышкан соң жолуктуруп коюшса не?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ