Menu

Акаевдер шакирти үчүн адилеттүү пикирин айтканга неге даабайт?

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү камактагы белгилүү саясый ишмер Бекболот Талгарбеков башында турган «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнө өкүм чыгышы күтүлүүдө. Биздин фемида адилеттүү чечим чыгарабы, албетте, ал башка кеп. Кеп бир жылдан бери абакта жаткан Бекболот Талгарбековго карата алыстагы Акаевдердин бири да үн катып, адилеттүү пикирин айтканга жарабагандыгында болууда. Акаевдердин 15 жылдык башкаруусунда тунгуч президенттин жакшылыгын көрүшкөн бир катар ыпыр-сыпыр саясатчы, чиновниктердин дээрлик баардыгы түгөлү менен 24-март окуясынан соң ал үй-бүлөдөн жүз үйрүп кетишкени, алардан бир гана Бекболот Талгарбеков айырмаланып, устатын ушул күндөргө чейин сатпай келгенин Майрам апчебиз баш болуп, ар убак айтып келгенин кайда катат элек? Кандай кырдаал болбосун устатын сатпай, чыныгы жигитчиликтин үлгүсүн көрсөтүп келген каарманыбыздын башына иш түшкөндө Акаевдердин эки ооз адилетгүү пикирин айтканга жарабаганы Жаратканга деле жакпайт го. Куру дегенде шакиртине тамак киргизип, үй-бүлөсүнө жылуу пикирин жолдоп, жакшы сөзүн айтканга жарашты бекен? Адилетсиз жагдайда, бекем дух менен камакта отурган Бекебизге мунун өзү моралдык жактан чоң колдоо болот эле да.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: