Menu

Ак үй алдында Текебаевдин тарапкерлеринин митинги өттү

Бөлүшүү:

Бишкекте парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди колдоо акциясы өттү. Митингдин катышуучулары коррупцияга жана алдамчылыкка айыпталып жаткан саясатчынын мыйзамсыз камалганын айтышып, аны бошотууну талап кылышты.

Ак үй алдына 50дөй киши чыкты. Акцияга жарандык активисттер, камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары, Бишкектеги Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлдөрү катышты.

Митингдин жүрүшүндө “бийликти күч менен басып алууга аркеттенген” деген негизде соттолгон камактагы оппозициячыларды бошотуу талабы да айтылды.

Милиция сот 25-апрелге чейин Бишкектеги Горький гүлбагынан башка жакта митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти. Бирок чогулгандардын акциясы уланып, ага тартип сакчылары көз салып турушту.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев орусиялык Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Оппозициялык саясатчы бул айыпты “саясий куугунтук” деп баалап жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: