Menu

Видео – “Депутаттар, Президенттен коркпогула!” -деп кайрылды эл өкүлдөрүнө митингдин катышуучусу Гульнара Джурабаева

Бөлүшүү:

Бүгүн 20 апрель 2017 жылы Ак-үйдүн алдында бийликтин мыйзамсыз иштерине, айрым саясатчыларга, коомдук ишмерлерге, карата көрсөтүлгөн басымга каршы митинг болуп өттү. Митинг активдүү катышуучуларынын бири БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева болуп жаткан саясий куугунтуктолоолор кайталанып жатат деп айтты.

«2009 жылы так ушундай абал түзүлгөн. Ошол убакытта өлкө башчысынын шайлоосу өтүп жаткан жана ал бийликке каршы чыккан азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерин мыйзамсыз камап коюшкан. Ошол Бакиевдин бийлигинин бул аракеттерине каршы болуп биз, 4 аял ушул Ак үйгө келип каршылыгыбызды көрсөткөнбүз. Ошондо биз өзүбүздү кишен менен дарбазага бекиткенбиз. Бийлик тараптан Атамбаевге болгон басымга каршы чыкканбыз, аны коргогонбуз. Бүгүн биз кайра чыктык, бирок азыр абал тескеринче болду. Азыр биздин акциябызга дагы ошол убактагыдай эле тоскоолдук көрсөтүлүп жатат бийлик тарабынан. Бийликтин азыркы болуп жаткан аракеттерин көрүп абдан капа болуп жатам» – деди Джурабаева.

Анын айтуусу боюнча, өткөн жылдардагы жасалган иштер акталган жок.

«Атамбаевдин бийлигинин ушундай абалына келгендигине, өзумдүн дагы күнөөмдү көрүп жатам. Ошондо Атамбаев үчүн бийликке каршы митинге эмне үчүн чыктык эле деп. Кыргыз элинен кечирим сурайм, ошондо Атамбаевди колдоп коргогондугум үчүн. Мен мындай абалга жетээрин билген эмесмин. Мен бул президентке өз добушумду бергем, а бүгүнкү күндө биздин сөз эркиндигибизди чектеп жатат» – деп ызааланды Джурабаева.

Гульнара Джурабаева, азыркы күндө эл кимге ишенбей калгандыгын айтты.

«Элдин бардыгы эч кимге, эртенки күнгө ишенбей калды. Бардыгы бөлүнүп кетти. Бийлик биздин бөлүнүшүбүздү каалап жатат. Биз ага жол бербешибиз керек. Эске салып кетсем, 2008 жылы биз азыркы бизге басым көрсөтүп жаткан милиция кызматкерлеринин укуктары үчүн күрөшкөнбүз. Алардын аялдары бизди чакырып бизден жардам сурашкан. Ал аялдар эмне кылаарын билбей – бир тараптан милицияга митингке чыгуугага тыюу салышкан, башка тараптан мындай жашоого ыразы болбогондорун айтышкан. Чындыгында айтканда укук органдарынын реформасы жасалган жок. Укук органдарынын кызматкерлери үчүн эч кандай шарттар түзүлүп берилген жок. Бийлик аларды укук бузууларга түртүп жатат. Укук органдары толугу менен саясатташып кеткен, алар өз чечимдеринде көзкарандысыз эмес» – деди ал.

Джурабаева бул абалга жеткенибиздин жараандардын дагы күнөөсү бар болгондугун айтты.

«Биз депутаттардан көзкарандысыз болушун талап кылышыбыз керек. Мен эл өкүлдөрүнө кайрылып кетет элем – Депутаттар, биз парламенттик мамлекетте жашап жатабыз. Президенттен коркпогула! Соттор, Президенттин Аппаратынан коркпогула! Мыйзам чегинде жана өзүнөрдүн намысыңар менен иштегиле!», – деп кайрылуу жасады БШК мүчөсү Гульнара Джурабаева.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1478297535566030/

 

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: