Menu

Сапар Исаков Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм вице-министри Такеши Мугишима менен жолукту

Бөлүшүү:

20-апрелде «Таза Коом» долбоорун жылдыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппараттын жетекчиси Сапар Исаков менен Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм вице-министри Такеши Мугишима,  ошондой эле япониялык «Fujitsu Ltd.», «Nippon Signal», «Shimizu Corporation», «Himeji ABC Trading Co. Ltd.» жана «Marubeni Corporation» компанияларынын жетекчилиги менен жолугушуусу болду. Бул тууасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы малымдады.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Япония ортосундагы кызматташтыктын оң жылыштары белгиленди.

Кыргыз тарап инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууга жапондук алдыӊкы технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Япон тарап өз компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү жана дарамети, жана аткарылган долбоорлору тууралу кеӊири маалымат берди. Андан тышкары аталган компаниялардын тажрыйбасы менен технологияларын Кыргыз Республикасында пайдалануу үчүн тыгыз кызматташуу боюнча сунуштар айтылды.

2017-жылы июнда  «Таза Коомду» өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн Эл аралык конференциясынын алкагында өтө турган  инвестициялык көргөзмөгө Япон компанияларынын катышуу маселелери талкууланды.

Япон делегациясынын Бишкекке иш сапарынын маалында профилдик министрликтерде жана веломстволордо сүйлөшүүлөр болду жана жогорку сапаттагы инфраструктура боюнча кыргыз-япон семинары өттү.

Маалымат иретинде:

«Fujitsu Ltd.» компаниясы видеобайкоо жана адамды таануу системалар чөйрөсүндө жаңы иштеп чыгарууларга ээ. Анын камералары күн энергиясында үзгүлтүксүз иштөөгө, жаман окуя болгондо маалыматты жана  сигналды борбордук ХАБга берүүгө жана талдоого жөндөмдүү.

«Nippon Signal» компаниясы темир жолдор үчүн сигнал системаларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана орнотууга, төлөмдөрдү автоматташтырып жыйноого, жол транспорт кыймылын автоматташтырып жыйноого жана талдоого адистешкен.

«Shimizu Corporation» компаниясы пландаштыруу жана курулуш (анын ичине жол айрылыштары), инженердик-техникалык иштер менен алектенет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: