Menu

Текебаев чынчылдыктын үлгүсү

Бөлүшүү:

Каарманыбыз саясатка мугалимдиктен келген. Айылдагы мугалим кезинде окуучулардын укугун коргоп чыгып, элдин колдоосуна алынып кеткен. Чоң саясатка келип, Аскар Акаевдин туура эмес реформаларын катуу сынга алып, атургай ага «Чаушескинин кейпин кийип каласың, абайла» дел эскертүү берген. Аныгында, Өмүрбек Текебаев ошол кездеги президент Акаевге бекер эскертүү бербептир. Баарыңарга белгилүү болгондой, ал аз эле жерден Румынияны 20 жыл башкарып, элине жакшылык-” эмес жамандык кылгандыгы үчүн революционерлер тарабынан өлүм жазасына тартылып, атууга кеткен Николае Чаушескунун кейпин кийип кала жаздады

Текебаев 2005-жылы Акаевди кетирип, анын ордуна ким президент болору боюнча суроо турганда, өз оюн ачык билдирип чыккан. Ал Бакиевдин бийликке келишине караманча каршы болгон. Себеби, Курманбек Бакиев бийликке келсе тагдырыбыз кандай болорун алдын ала билген. Бирок, Текебаевдин айтканын көп саясатчылар укпай, Бакиевди ураалап бийликке алып келишти. Айткандай эле жыл айланбай Бакиевдин ким экени билине баштады. Бул кыскача жана үстүртөдөн айтылган тарых.

Бизге бүгүнкү күн маанилүү болуп турат. Бүгүнкү күнүбүз 2010-жылдагы апрель окуяларынан башталып отурат. Себеби, саясый куугунтуктоолор 2010-жылдагы саясый окуяларга байланыштуу болууда. Мисалга алсак, «2010-жылы 7-апрелдеги талап-тоноо иштерине «Ата Мекен» партиясынын лидеринин тиешеси бар» деген маалыматты бийлик мамлекеттик ММКлардан байма-бай таратып келет. Атургай кылмыш иши ачылып, депутаттык комиссия дагы түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын төрагасы кылып, Текебаевдин элдешкис душманы КСДПчы Анвар Артыковду дайындашкан. Алар үч ай иликтеп, эч кандай илинчек таба алышпаганын өздөрү Жогорку Кеңешке берген отчетунда көрсөттү. Мародерчулук иши чындыкка жетүү максаты эмес, Текебаевди жана «Ата Мекен» партиясын элге жаман ат менен көрсөтүү, алардын үстүнөн баткак төгүүгө болгон гана аракет экени бардыгыбызга билинип калды.

Эми биз бийлик тараптан Өмүрбек Текебаевге жалган жалаа катары жабылган айыптар тууралуу кыскача кеп кыла кетели. Биринчиси, «Белиз” деген мамлекеттен келген жасалма документтер аркылуу Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновалар оффшордук компания түзгөн» деп күнөөлөп чыгышты. УКМК бул ишти иликтеди. Баардык мамлекеттик органдар киришип иликтесе дагы Белиз мамлекетиндеги оффшордук компанияны «Ата Мекен» партиясынын лидерлери түзбөгөндүгү ачыкка чыгып калды. Диний түшүнүк менен же биз жашап жаткан мыйзамдар менен алып караганда деле ар бир адам ар бир кадамы, ар бир сөзү үчүн жоопкер.

Акыркы алты айдын эсебинен алганда, бийлик тарабынан экинчи жолу «Өмүрбек Текебаевге эл аралык дэңгээлдеги аферист Леонид Маевскийден «Мегаком» компаниясын сатуу үчүн 1 млн. доллар пара алган» деп камакка алды. Европадан Кыргызстанга келе жаткан жеринен «Манас» аэропортунан коркунучтуу кылмышкерди кармагандай атайын операция уюштуруп, Текебаевди күч менен УКМКнын абагына калтырды. Сот чечими менен аны эки ай УКМКнын абагында калтырышты. «Ата Мекен» партиясы ага дагы макул болуп, иликтөө ишине кенен убакыт берди. Эки ай аралыгындагы иликтөөнүн жыйынтыгында Өмүрбек Текебаев Маевскийден акча алмак тургай ага жолукпагандыгын «Ата Мекен» партиясынын юристтери аныктап чыгып, коомчулукка жарыялашты.

Кыскасы, «Белизгейт», «Маевскийгейт» жана «Мародергейт» боюнча жалган маалымат тараткан тарап жетиштүү далил таба алган жок. Лидерибиз өзү айткандай, бийлик элге тазалыктын, чынчылдыктын үлгүсү катары Текебаевди көрсөтүшү керек.

Жакшылык Бердибек уулу

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: