Menu

Мамлекеттин мүлкүн итбекер пулдаган Исаев мыйзам чегинде жооп берчү мезгил жакындадыбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иштин материалдары Башкы прокуратурадан УКМКга өткөрүлүп берилгени маалым. Буга чейин укук коргоо органдары эл өкүлүнө карата Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы кыңыр иштери үчүн кылмыш ишин козгошкон. Бирок кээ бир прокурорлордун айынан анын иши токтотулуп калган эле.

Чүй жана Жалал-Абад облустарынын прокуратура органдарында ишмердүүлүктүн бардык тармагы боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Дал ушул жумушчу топ Чүй облусунун прокуратурасынын өндүрүштүк тергөө бөлүмүндө турган, токтотулган кылмыш ишин текшерүүнүн жүрүшүндө кылмыш ишинин негизсиз токтотулганы аныкталган. Эми Канатбек Кедейкенович мыйзам алдында толугу менен жооп берип, күнөөсү болсо жазасын алат. Ага эң оор беренелердин бири болгон «Коррупция» боюнча иш козголгон. Бул беренеде депутаттык кол тийбестик иштебейт, кааласа соттун чечими менен камакка алынса болот.

Эми кылмыш ишин козгоого кандай жагдайлар себепкер болгонун тизмектейли. К.Исаев канкор Бакиевдин тушунда Токмок шаарын жетектеп, бакиевдердин этегине намаз окуп турган. Дал ушул учурда далай коррупциялык иштерди жасаганы белгилүү. Алсак, Канатбек Кедейканович Токмок шаарынын мэри болуп турганда «Ак-Була» ААКсынын мурдагы жатаканасынын имаратын төмөндөтүлгөн баада мыйзамсыз сатууга уруксат берип койгон. Анын кесепетинен мамлекетке 2 млн. 117 миң 880 сом зыян келген. Бул коррупциялык ишти Исаев кылдаттык менен жасаган. Маселен, бул жатакананын имараты 2008-жылдын 13-мартында Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын сунушу менен шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлуп, жыйынтыгында жатакана социалдык инфраструктурадагы объектилердин катарынан чыгарылып, турак жай эмес имараттардын катарына киргизилген. 2008-жылдын 7-июлунда Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы «Тана» ЖЧКсы менен «Ак-Буланын» мурдагы жатаканасынын имаратын баалоо өндүрүшү тууралуу келишим түзөт. Имаратты «Тана» ЖЧКсы ошол эле жылдын 16-июлунда 4 млн. 703 миң 713 сомго баалайт. Анда 30% эскилиги жеткендигин эске алуу менен бааланган. Бул сумма Токмок шаардык мэриясынын жер боюнча комиссиясынын отурумунда бекитилген. Арадан бир жыл өтүп-өтпөй, тактап айтканда, 2009-жылдын 10-февралында Токмок мэриясынын жер боюнча комиссиясынын отурумунда жатакананын имаратын кайрадан баалоо жана андан ары аны түз сатуу жолу менен реализациялоо тууралуу мыйзамсыз чечими кабыл алынат. Ошентип «Тана» ЖЧКсы имаратты кайрадан баалап анын базар баасын болгону 2 млн. 857 миң 500 сом деп табат. Кыңыр иш мына ушул жерде жатат. Бир жылга жетпей аталган имаратты 60 пайызга эскилиги жеткен деген бүтүм чыгарат. Мындан сырткары, экинчи жолку баалоодо 470 640 даана кирпичтин баасы кошулбай калган. Анын ошол убактагы базар баасы болгон 4 сом 50 тыйындан эсептегенде жалпы суммасы 2 млн. 117 миң 880 сом болмок. Бирок анын баары эске алынбай, 2009-жылдын 13-июлунда Токмок мэри болуп турган Канатбек мырза Кыргыз Республикасынын «муниципаддык менчик тууралуу» мыйзамын бузуп, «Ак-Була» ААКсынын
мурдагы жатаканасынын имаратын Бакытбек Асыгалиев аттуу жаранга 2 млн. 857 миң 500 сомго түз сатуу жолу менен жеке менчикке берип коёт. Ошентип ал мамлекетке 2 млн. 117 миң 880 сом зыян алып келген. Натыйжада ага 2010-жылы жогоруда белгилеп кеткен беренелер боюнча кылмыш иши козголгон.

Исаев Токмокту жетектеп турганда башка дагы коррупциялык иштерди жасаган. Маселен, 2010-жылдын 2-ноябрында шаардык китепкананы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берип койгондугу үчүн иш козголгон. Бирок Канатбек мырза ортого кишилерди салып жүрүп аны токтоттурган. Арадан эки жыл өткөн соң бул кылмыш иштин токтотулушу Башкы прокуратура тарабынан алынып салынган. Ошентип 2012-жылдын декабрь айында иш кайрадан жаңырган. Бирок арадан бир жыл өтүп-өтпөй, иш кайрадан токтотулат. Көрсө, биздин каарман ишти алакандай «медсправка» менен токтотуптур. Тагыраак айтканда, ага карата козголгон экинчи кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-пункту боюнча (айыпталуучунун мамлекеттик мекемелерде иштеген дарыгерлер тарабынан психикалык же башка оор оорусу күбөлөндүрүлгөнүнө байланыштуу) токтотулганын маалымат каражаттары убагында жазышкан.

Адамдан айла качып кутулбайт деген сөз бекер айтылбаса керек. Исаев өзүн «псих» катары көрсөтүү менен жоопкерчиликтен кутулуптур. Эгер ал чындап оорулуу болсо, эмне үчүн парламентте депутат болуп отурат? Анан ушундай адам кантип парламент спикерлигине ат салышканы да кызык. Баарынан дагы президенттикке талапкерлигин коём дегеничи. К.Исаев, чамасы, Кыргызстан деген мамлекетти Чым-Коргондогу жиндиканага алмаштырып алганбы? Эгер «жинди» эмесмин десе, анда анысын тастыктоочу документти көрсөтө алаар бекен? Мындай шартта ал «колу менен кылганын мойну менен тартып», мыйзам чегинде жооп бериши керек эмеспи…

Канат Нуралиев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

31 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: