Menu

Баткен облусунда 3,850 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлдү

Бөлүшүү:

Баткен облусунда жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында Бүргөндү массивиндеги 3850 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлдү. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бүгүн, 21-апрельде, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүнүнүн ачылышы болот.

«Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги жаңы сугат жерин өздөштүрүү» долбоору 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты.

Долбоордун алкагында узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү.

Ирригациялык түйүндүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: