Айбек Калиев деген сүтү оозунан кетелек бала бар. Энергетика тармагына жетекчи болуп, эл түйшүгүн көтөрмөкчү болгон. Эл тургай өзүнн эптей албастыгын мезгил көрсөттү. Дегеним, акылдуу эсептегич деген чыкты эле. Бирок бул жаңы эсептегичтер колдонулган электр энергиясын ашыгы менен көрсөтүп жаткандыктан, Кыргызстандын айрым тургундары акылдуу эсептегичтерден баш тартууда. Энерготармактарга акыркы беш айдан бери акылдуу эсептегичтердин иштеши боюнча абдан көп арыз келип түшкөндүгүн «Тундүкэлектр» ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Тилебалды Жаңыбаев ачыктады. Аныгында элдер колдонгон электр энергиясы үчүн ири суммадагы каражат чыгып жатканын айтып даттанышкан. Кезегинде акылдуу эсептегич менен элди жыргатып салабыз дегендер азыр башын кумга тыккан төөкуш болуп олтурушат. Ал эми Калиев деген балакай али күнчө элдин арызына ооз ача элек. Калк качанкыга чейин чыдап, Калиев өңдүү кайдыгерлердин капчыгын кампайта берет?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ