Menu

Байболовдун баамынан өтчүңөр барбы?

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатындагы «динозаврлардын» бири, карт саясатчы кадимки Кубатбек Байболов президенттик шайлоодо кайсы бир талапкерди сүрөө максатында бардыгын сыдыргыдан өткөрүп атыптыр. Бирок кашайып бири да купулга толбой аткандай. Болбосо, бул капчыгы калың аксакалыбыз али күнчө аны жасап-түзөп, пул менен камсыздап, эл алдына алып чыга салмак. Өмүр бою чекист болгон Байболов ким бирөөлөрдү бир ишке даярдаганды өлө жакшы көрөөрүн айткандар бар. Анүстүнө акча маселеси бул кишини ойлондурбайт. Аны эбак пачкелеп эмес, сумкелеп жыйып койгон. Азыр бул кишиге чыйрак бир жигит керек болуп туру. Болгону ал талапкер Байболовдун айдаган жагына атырылып, жолдогон жагын жонуп турушу керек. Ошол себептүү Байболов али саясий аренадан өз караанын оолактатпай туру. Анүстүнө бүтүн үй-бүлөсү биригип ишкерлик менен алектенген бул адамга бийликтин бийик трибунасынан олуттуу колдоо керек. Муну эң сонун түшүнө билген карт бөрү кадамын эртелете баштады. Бирок негедир көңүлгө толгону али көрүнбөйт. Арийне Байболов өз көмөчү үчүн эмес, жалпы мамлекет үчүн ушинтип жанын сабап аракет кылганда эмне, аттиң…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: