Мурдагы СДПКчы депутат, азыркы атамекенчи активист айым Эркингүл Иманкожоевада принцип, позиция деген түшүнүктөр жок экен. Ал кечээ эле СДПК фракциясында депутат болуп отурганда Жогорку Кецештин жыйындар залынан ошол кездеги депутат Садыр Жапаровго каршы чыгып, бетин тытып алганга чейин барбады беле. Эл келесоо эмес, эл эч качан унутпайт мындайларды. Бүгүн ал атамекенчилер менен бирге көчөгө чыгып, «Текебаев менен чогуу Жапаровго да боштондук» – деп кыйкырып жаткан ураандарды коштоп жүрөт. Мындай аялды ким десек болот? Мындан улам бул аялга ишенич барбы? Дагы жаза турчу көп сөз бар, көп иштер бар, бирок битке өчөшүп көйнөктү отко салбай коё туралы азырынча. Уялбагандан өзүң уял болуп…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ