Атамбаев бүгүн, 2-майда өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул туурасында КР Президентинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда министр Мамлекет башчысына жер көчкү болгон Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында издөө иштери, ошондой эле адамдарды коопсуз райондорго көчүрүү, аларга убактылуу баш калка жайларды уюштуруу жана алгачкы жардамды көрсөтүү чаралары жөнүндө маалымат берди.
Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтып, каргашанын залакасы тийгендердин баардыгына мамлекеттик органдар тарабынан бардык жардамдарды берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, жаратылыш кырсыгынын себептери жана кесепеттери көрсөткөндөй, өзгөчө кырдаалдар ведомствосу алдын алуу чараларын күчөтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаратылыш кырсыктарын алдын алуу чараларын көрүп жана кооптуу тилкелерде жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларды коопсуз жактарга көчүрүү жагын кайра карап чыгуусу зарыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ