Menu

Кыргыздар кандуу жолдо согуш талаасындагыдай эле кырылууда

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Афганистандын айырмачылыгын билесиңерби? Кыргызстанда согуш болбой туруп эле адамдар кырылып жатат. Алардын өнүрүн кандуу жолдорубуз алууда. Мисалы, Афганистанда 2001-жылдан баштап 2014-жылга чейин 13700 жоокер жана полициясы курман болгон. Орточо эсеп менен алганда, 13 жылдын ичинде жыл сайын 1060 адамдан.

Статистикага таянсак, Кыргызстанда жылына жол кырсыгынан 1200 адам каза табат, алардын ичинен 10гө жакыны 14 жашка чейинки жаш балдар. 13 жыл ичинде бул 15 600 адам, 1300 жаш бала каза болгон. Демек, согуштан башы чыкпаган Афганистанга караганда бизде адамдар жайчылык турмушта жөн гана кырылып жаткан экен да? Ошол эле статистикага таянсак, бул жол кырсыктарынын 80 пайызында айдоочулар күнөөлүү экени аныкталган. Биздин мамлекетте жол эрежесин сактабаган айдоочулар согушчандар менен террористтердин ролун аткарууда. Ушунча жылдан бери бул маселени чечмек турсун, коррупциялык уюкка айланган МАИ кызматын жоюп эле салбайлыбы? Бекер эле биздин салыктан аларды бакпай. Анткени алардын барынан жогу жакшыбы деген ойго келесиң. Ал эми жаңы министр Улан Исраиловдун реформасынын азырынча нөл деген чекиттен жылбай турганын айтып атып тил тешилди. “Коопсуз шаар” долбооруна дагы улам бири кол сала коюп атышып, анысы да жылбай турат. Жыргаган экенбиз…
Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: