Menu

Пайызың өссүн!

Бөлүшүү:

ЖоКенин аракеттеги депутаты Акылбек Жапаруп агынан жарылып, батир жалдап жашаган журналисттердин көчөсүнө таш ыргытты. Кечээки жаандан кийин көчөнүн башынан-аягына чейин көлчүк басып жатканына карабай таш ыргытты. Көлчүккө түшкөн таштан улам шакекчелер тарады. Акылбек Жапаруп бул шакекчелер жээкке жеткиче цунамиге айланып кетерин билген да, туйган да жок. Иттей осолдук кылды. Жүз доллар бердим дейт, беш жүз бердим дейт. Журналисттер кычыраган особнякта жашап атат дейт. Угуп алып, күлкү келди. Ичим да күйүп кетти, журналисттин баары крутой болуп кетип, жалгыз мен эле баягы СССРден калган үйдө жашап каламбы депчи. Кайра ойлодум, өзүн журналист ойлоп алса керек деп. Эмнеси болсо да, текшерип көрөйүнчү деп, журналисттердин дээрлик баарына телефон чалып шыңгыраттым, особнягың кут болсун деген мааниде. Тилекке каршы, эч бирөөндө ак өргөө турмак, чычкак улак да жок экен. “Настрейне” носкиге түштү. Носкини карасам, үч жеринде жыртык бар экен. Байкабай жүрө берипмин. Карасам, илип алар ийне-жип да жок. Акылбектен ийне-жип сурасамбы деп ойлоп, кайра айныдым. Ийне-жипти кийин ангорский жемпир бергем деп көбүртүп жибереби деп чочуладым.

Илгери, финансы деректир болуп турганында мугалимдер мектептин көйгөйү менен барып калса, айтчу экен дейт, ону меники, токсону сеники депчи. Айла жок макул болушчу экен. Ошондон кийин «Он пайыз» деген каймана ысымга конгон имиш. Ичинде ыйман-ызаат бар окшойт деп калдым, болбосо, жыйырма бир пайыз десе деле макул болушмак да. Бирок да, андай болгондо «Ачко» деген ысымга ээ болуп калмак окшойт. Ушунакай болуп атыры. Ушундай «тапталган» жол менен биринчи миллионун түптөп алганбы деген мысылдар да кетпей койбойт экен. Эмнеси болсо дагын, Жапаруптун жаңы атаандаштары пайда болуптур. Алар – журналисттер экен. Журналисттер иттей байып атыптыр. Чет өлкөдө иштеген журналисттердин ичи күйүп атыптыр. Митингге чыгып атышыптыр: «Бизге Кыргызстандык журналисттердин жалыйнасына тете акы коюп бергиле, болбосо, бирибиз да калбай Кыргызстанга кетип калабыз!» дешип. Мына сага цунами! Алардын баары келчү болсо, Акылбектин ыштаны жок калабы деп чочулап атам мен быякта, сактай көр калемсаптын кудайы! Ага жеткизе көрбө. Көзгө басаар, бетке кармаар жалгыз Жапаруп болсо, аны да томаяк кылып алабызбы, Саветский көчөсү каякта деп да сурабайле коелучу, макулсуңарбы, йа?!.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: