Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев импорттук товарларды негизсиз чыгымдаган бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилерин сынга алды. Бул тууралуу Regnum кабарлоодо.
Өзбекстанда жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү максатында соңку беш жылда 3000ге чукул долбоор ишке ашкан. Анын натыйжасында 5000дин тегерегинде түрдүү продукциялар чыгарылган. Бул товарлар мурун чет өлкөлөрдөн алынып келинчү.
Өзбекстанда акыркы беш жылда импорттун көлөмү 752 миллион долларга, анын ичинде 2016-жылы 286 миллион долларга кыскарган.
Бирок президент импортту алмаштыруучу программанын жыйынтыгына канааттанган жок. Анын пикиринде, айрым мамлекеттик жана чарба бирикмелери импорттун көлөмүнүн негизсиз көбөйүшүнө жол берген. Бул валютанын ыксыз колдонулушуна алып келет. Президент Өзбекстандан чыккан продукция, сырье жана материалдарды чет өлкөдөн алып келген компания жетекчилерин иштен аларын эскертти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ