Menu

Гүлшайыр Токтогул кызы: Өмүрбек Текебаев таза, мыкты, эл аралык деңгээлде кадыр-баркы бар саясатчы!

Бөлүшүү:

Мен Өмүрбек Текебаев жөнүндө жазгым келет. Бу жигит менен жер каймактагандан бери таанышмын, жакшы билем. Кийинки учурда азыркы президент бир кездеги үзөңгүлөш досторун чет-четинен камап атканы жакшы жышаан эместей көрүп атам. Мүмкүн мен билбеген жактары да бардыр. Ошентсе да Өмүрбекти камап салганына аз-маз түшүнбөй турам. Текебаев дасыккан саясатчы, эл аралык деңгээлде кадыр-баркы бар адам. Эми минтип президенттик шайлоо алдында бирден-бир татыктуу адам экенин көрүп туруп, «бир жөөттөн акча алган» деп атканы акылга сыйбаган иш. Тескерисинче, бул адамга орден бериш керек эле. Бизде канча деген коррупционерлер бош жүрөт? Жадагалса бала бакчадан баштап коррупцияга малынганбыз. Ошолорду текшерип, камачусун камап, сотточусун соттоп жок кылгандын ордуна, таза адамдын тагдырына балта чаап отурушат. Эгер Өмүрбек, окуп калсаң сага айтаарым, «ак ийилет, бирок сынбайт» дейт. Мен сага ишенем, сен тазасың, аны далилдей турган да күн жакындап калды. Бир аз чыдап тур.

Гүлшайыр Токтогул кызы, Жалал-Абад облусу

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: