ыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаков 21-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү өрөөнүндөгү сугат түйүнүн ачуу аземине катышты.
Сапар Исаков катышуучуларды Атамбаевдин атынан куттуктап, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүү долбоору Мамлекет башчысынын көзөмөлүндө турганын белгиледи.
Сапар Исаковдун айтымында, Баткен облусунун 3 миңден ашуун тургуну бул өрөөндөн жер үлүшүнө ээ болушат, келечекте 20 миӊден ашуун адамга жер берилмекчи. “Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүүнүн социалдык-экономикалык маанисинен тышкары стратегиялык да мааниси бар. Анткени чек араларды бекемдөөгө, ички миграцияны азайтууга мүмкүндүк берет”, – деди ал.
КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси региондун энергетикалык көз карандысыздыгы камсыздалып, транзиттик жолдор салынганын белгиледи. “Кыргызстан тынчтык, ынтымак жана биримдик болгон үчүн өнүгүп жатат. Дүйнөдөгү кризиске карабастан, Кыргызстан экономикасы өнүгүү үстүндө”, – деди Сапар Исаков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ