Menu

Акылбек Жапаров журналисттердин мүлкүн текшерүүнү сунуш кылып, алар бир гана акча өндүрүү жолу менен жашап калышты деп билдирди. Сиздин пикир?

Бөлүшүү:

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты:

«Журналисттердин байлыгын текшербестен, аткаминерлердикин текшериш керек»

— Кыргызстанда сөз эркиндигин карманып, эркин сүйлөп, эркин баскан бир эле тармак бул журналистика калды. Калганынын баарынын оозун жабышты. Азыр парламент дудук, башкалар ооз ача албаган акыбалга келип калды. Журналисттер деле асмандан түшпөйт, коомдон чыгат. Анан алардын байлыгын текшерип эмне кылабыз? Андан көрү ошол бай аткаминерлердикин текшериш керек. Кантип байыптыр, эмне кылып байыптыр? Чубап чыкпаса болбойт. Куугунтуктай элегибиз журналисттер калды беле? Саясатчы болгондон кийин Назарбаев айтмакчы териси пилден болуу зарыл. Кичине чымчып койсо секирип акаарат келтирбей. Болгон күндө деле алардын байлыгы кайдан келип жатканын эмес, өзүнүн байлыгы кайдан келип чыкканы боюнча маалыматтарды так берүү зарыл. Анан сүйлөсөк жарашат.

Ырысбек Өмүрзаков, “Трибуна” гезитинин башкы редактору:

«Акча өндүрүү жолу менен жашап калышты” деп журналисттерди ким айтса да, ушу “кессе кан чыкпаган, жейин, жутайын” деген шылуун айтпаса болмок эле»

— Акылбек Жапаров журналисттердин мүлкүн текшерүүнүн балекетин албай, атасынын атынан коюлган көчөгө шагыл төктүрүп койбойбу? Же Маевканын эң үстүнкү көчөсүнүн жашоочулары ага ишенген макоо болуп кала береби? Журналисттерге тийишкендин балекетин алабы, коррупцияга башы менен батып кеткен чиновник экени калппы? Ресторандарын, сайрандоо сарайларын, көп кабаттуу турак-жайларды салганга, айылда мал доктур болуп иштеген атасынан мураска миллиондогон долларды алганбы? Же министр кезинде ар бир ишканага которулган мамлекеттик акчадан 10 процент алып жүрүп байыганбы? Ошолорду текшерген киши жок. Айтмакчы, Чыныбай Турсунбеков журналисттерге сый мамиле кылса да, “Акылинвест банкты” белек кылып аялына берген деп чыктык эле, эми журналисттердин талуу жерге тепкен Акылбек Жапаров Кант МИСти аялына сатып берип, белек кылып, Ыссык-Ата районунун бир айыл өкмөтүнүн 50 гектардай алма багын шылуундук менен сатып алып, бетон плиталар менен коруп, аны аялына берилген 17 миллион долларга сатып берген белегине кошумча кылган иштерин эчким сындабайт. А. Жапаров өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жүргөн эле. Аны эч ким айтпайт. Жапаров, акчаны кайдан алган?, — ​деген суроого деле жооп бар. “Мистер 10 процент” атка конгон өз убагында, Финансы министри болуп турганда топтогон да… А балким Америкадан бирөө мурас калтырдыбы? Эмнеге текшербейт, жанакы ГКНБ жана Башпрокуратура, дегендер? Мейли, мурас алды дейли, анда мамлекетке салыгын төлөдүбү Акылбек Жапаров? — ​деген суроону берген, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон бир да адам жок. Салык төлөнбөсө, анда Акылбек Жапаров министр кезинде бюджеттен 10 процент “откат” деп коёт (пара) алгандыгын далилдеп кабыл алып, Жапаровдон жооп талап кылса болот беле? Эмнеге биз Текебаев менен Атамбаевден аны талап кылабыз да, бюджеттин эсебинен байыган чиновниктен коркобуз? Текшерип эсептеп чыгуу деле, оп-оңой. А. Жапаров канча убакыт Финансы министри болуп иштеди, жана ошо кездеги бюджетти көтөрүп, анын 10 процентин чыгарып, Жапаровко кайтартыш керек… Накталай кутула албаса, анда мүлкүн аукцинго коюп, бюджетке 10 пайызын, элдин акчасын кайтарыш керек. Бу “Кудайдын тумшугунан түшсө да, Текебаев менен Атамбаевден эмнеси артык? “Акча өндүрүү жолу менен жашап калышты” деп журналисттерди ким айтса да, ушу “кессе кан чыкпаган, жейин, жутайын” деген шылуун айтпаса болмок эле.

Нурлан Шакиев, экс-министр:

«Айлыктан айлыкка жашаган журналисттердин мүлкүн текшере элегибиз эле калды беле?»

— Кыргызда “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”- деген сонун сөз бекер жерден калган  эмес. Ошол эле журналисттердин мүлкүн текшергиси келген Акылбек Жапаров аялынын мүлктөрүн мамлекеттик декларацияга кошуп жазбаганын журналисттер жазып чыгышпадыбы. Демек биринчи адам өзү таза болуш керек. Айлыктан айлыкка жашаган журналисттердин мүлкүн текшере элегибиз эле калды беле? Балким Акылбек Үсөнбекович айткандай журналисттер жүзүнөн бирөө болушу мүмкүн. Баардыгы эмес да туурабы? Мен андай журналисттерди жок деп эсептейм. Андыктан журналист журтчулугуна асылаарда бир ай ойлонуп алды-артты карап алуу керек.

Самсаалы Четинбаев, активист:

«Акылбек Жапаровдун айтканында дагы чындык бар»

— Журналистердин мүлкүн текшерүү аша чапкандык болуп калат го. Бирок Акылбек Жапаровдун айтканында дагы чындык бар. Аны моюнга алышыбыз керек. Беш кол тең эмес, журналисттердин арасында андайлары бар. Көрүп, угуп эле жүрбөйлүбү. Керек болсо силер да өзүңөр жакшы билесиңер, алар кайсы журналисттер экенин. “Бир карын майды бир кумалак чиритет”- деген ошо. Бирок алар да жөн эле жерден пайда боло калган жок. Бийлик тарап өзү баш болуп андай журналисттерге калп, имиштерди жаздырып, оппоненттерин жаман атты кылганын көрүп эле жүрбөйлүбү. Бирок андай акмактар үчүн баардык журналисттерди күнөөлөп, же мүлктөрүн текшерүү бир аз аша чапкандык болуп калат. Өз ишин мыкты аткарып, коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырган азамат журналисттерибиз да жок эмес. Аларды да унутпайлы.

Жеңишбек Эдигеев, журналист:

«Журналисттерден мурда токтоосуз түрдө мүлкүн тизмектей турган эски-жаңы чиновник, саясатчыларыбыздын узун тизмесин ойлошсун»

— Өзүбүздөгү эле бай саясатчы адамдарыбыздын бири айткан эле: “Кыргызстанда бай болуш кандай азап…”- деп. Ар ким ар кайсы жагынан “талай” бергенин айткысы келип. Азыркы кеп да ушул көрүнүштүн тегерегинен чыгып жатат окшойт. Анткени бүгүнкү коом, жашообуздун реалдуулугу ошондой: эл, анын ичинде журналисттерде да чөнтөктүн бечаралыгын жашыра албайбыз. Басылмалар өзүн актабаса, журналисттер башка кесипке кетип кала алышпаса анан кандай болуш керек? Бул турмуш жагынан алганда, ал эми конкреттүү айта турган болсок, биринчиден, журналисттердин мүлкүн текшерүү бул өтө ашыкча, а тургай орой айтылган сунуш. Журналисттерден мурда токтоосуз түрдө мүлкүн тизмектей турган эски-жаңы чиновник, саясатчыларыбыздын узун тизмесин ойлошсун. Экинчиден заман күн санап өзгөрүп жатат, ошого жараша журналисттердин катмары да ар түрдүү өзгөрүшү бул нормалдуу көрүнүш. Джип минеби же велосипед менен жүрөбү ар кимдин өз кудурети жана каалоосу. Ал эми үчүнчүдөн — ​биз журналисттер дагы өзүбүздү дайыма сүттөй ак кыла бергенден алыс болгонубуз оң. Өзгөчө акча маселесин кесибибизге аралаштыргандан сак бололу.

Жалил Сапаров, журналист:

«Журналисттер арасында карасанатайлары, желмогуздары, куйтулары менен ачкүсөндөрү да бар»

— Акылбек Жапаровдун журналисттердин чөнтөгүн текшериш керек дегени бери эле болгондо мыйзамдуу “чёрныйлык”. Журналисттер же массалык маалымат таркатуу каражаттары ээлик кылгандарга, эгер кайсы бир долбоор алкагында иштеп атса, анда ошол долбоордун жетекчилерине гана отчёт беришет. Анан ким бирөөгө таарынып калса эле аны мыйзам аркылуу колун кайрыганга аракет кылганы туура эмес. Чыдасаң бай бол! Чыдасаң депутат бол! Анан, ырас, журналисттер арасында да баары текши периште болуп кеткен жери жок. Карасанатайлары, желмогуздары, куйтулары менен ачкүсөндөрү да бар. Эгер андайлар жолукса, ошондо азыркы аракеттеги мыйзамдар аркылуу эле алар менен сүйлөшүп алууга болот. Тийиштүү органдар деле жоюлуп кетишкен жок, иштеп атышат. Анан бирөөгө болгон заарды баарынан чыгарып, жалпы Самаркандды өрттөп салган жарабайт. Кыскасы, бул идея таптакыр туура эмес нерсе.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: