Menu

Памирбек Казыбаев, Алыкул Осмоновду изилдөөчү, тарыхчы, журналист: «Алыкул Осмонов жашаган үй оңдоп-түздөөгө муктаж»

Бөлүшүү:

 

Памирбек Казыбаев көп жылдардан бери залкар акыныбыз Алыкул Осмоновдун өмүр жолун, чыгармачылыгын тереңдеп изилдеп келе жаткан белгилүү инсандардын бири. Мындан тышкары акындын үй музейин карап, ал жерге баргандарга айтып берген дагы ушул киши. Памирбек байке эч жерден айлык албай бекер иштеген Алыкулдун фанаты деп билебиз. Алыкулдун бул үй музейи мындан 72 жыл мурун салынган экен. Алыкулдун үйү азыр кандай акыбалда болуп калганы менен көпчүлүктүн иши деле жоктой. Бүгүн редакциябызга Памирбек Казыбаев баш бакты. Памирбек байке өз маселеси менен эмес, Алыкулдун үй музейинин адам ыйлай турган абалын айтып, балким жогору жактагыларга жетип калса жардам болобу деген үмүт менен келиптир.

— Памир мырза, Алыкул акын бул үйдү кайсы жылы сатып алыптыр, же салдырганбы?

— Алыкул акын бул үйдү 1945-жылы сатып алган. Ал эми документ боюнча карасак бул үй 1941-жылы салынган экен. Алыкул 1945-жылы сатып алып өмүрүнүн аягына чейин жашап, чыгармачылыгында эң мыкты делген ырларын, поэмаларын, драма, котормолорун жараткан касиеттүү биз үчүн ыйык үйдө, тагыраагы 1951-жылдын 12-декабрына чейин ошол үйдө жашаган. Ошондуктан бул жер Алыкулдун өз мээнети, китептеринен түшкөн өз акчасына сатып алган, каза болгондон кийин сөөгү чыккан, окурмандар үчүн касиеттүү, маанилүү жер деп ойлойбуз. Мен өзү эгерде эсептеп көрсөм 30 жылдан бери Алыкул деп күйүп-бышып келе жатам. Ошонун 17 жылы үйдүн ичи, музейи менен өттү. Көз ачып жумганча 17 жыл өтүптүр. Азыр музей бузулуп, оңдоого муктаж болуп турат дегеним. Мындан тышкары биз биринчи алганда үйдүн 4 эле дубалы бар болчу. Ошонун баарын ар кандай экспонаттарга, сүрөттөргө толтуруп койдук. Азыр дагы табылган материалдарды коёлу десек үйдүн бөлмөлөрү тардык кыла баштады. Биринчиден үйдү кеңейтиш керек, экспонаттарды дагы заманбап дизайнде ирээти менен койсок деген ниетибиз бар. Алыкул таануу деген чоң илим бар. Ошонун ортоңку мууну менмин деп ойлойм.

— Сизге чейин ким бар эле?

— Бул илимди Шаршенбек Үмөталиев деген агайыбыз баштаган. Алыкулду изилдеп, Ала-Арчадагы мүрзө башына эстелигин тургуздурган Шаршенбек агай болгон. Раиса Кыдырбаева деген академик эжекебиз орусча “Алыкулдун лирикасы”- деп диссертация коргогон. Андан кийин Камбаралы Бобулов деген агайыбыз эле. Ал киши Алыкул дегенде жанын берип, ичкен ашын жерге койгон адам болгон. Камбаралы агай 1990-жылы Ленинграддан чыккан “Алыкул Осмонов” деген орусча китептин түзүүчүсү. Анан Кеңеш Жусупов агай эле. Кеңеш байке Алыкулдун жеке турмушуна байланыштуу “Ыр сабындагы өмүр”- деген аталыштагы китебин жазып чыккан. Ошондон кийинки мууну менмин деп ойлойм. Мен алардын жасаган иштерин улантып кетсем дейм. Алар көбүнчө чыгармачылыгына басым жасашкан. Мен анын жашаган үйүн музейге айландырууга, турак-жайына көбүрөөк басым жасап жатам. 2000-жылы өкмөткө чейин кат жазып жатып, шаардык мэрия биздин коомдук бирикмеге Алыкулдун үй музейин өткөрүп беришкен. 2000-жылдан бери акындын үй музейи иштеп келе жатат.

— Негизи үй мэриянын менчиги болуп эсептелинет да?

— Ооба. Бирок ушундай акыбалга келип калганда алар деле каралашып иштеш керек болчу. Шаардык бийликтен эч кандай жардам болгон жок. Канча жолу кат жазып кайрылдык, музейге жардам эмес жооп да жазып беришкен жок. Негизи башынан бери демөөрчүлөрдүн акчасы менен иш жүргүзүп келе жатабыз. Эгерде эч кандай мэрия жардам бербесе анда үйдүн менчигин бизге толугу менен өткөрүп берсе жакшы болот. Себеби кээ бир демөөрчүлөр келгенде сөзсүз “бул үйдүн ээси ким”- деп сурашат. Чет өлкөлүктөр келип сураса “мэриянын менчигинде” десек эле кол шилтеп коюшууда. Болбосо алар жардам беришмек. Ушул жагы да бар. Алыкулдун көптөгөн чыгармалары 100 жылдыгына карата ар кандай иштер болду, бирок муну улантыш керек. Бул жөнүндө жаңы иликтөөлөр, изилдөөлөр бар. Ушулар жарыкка чыкса жакшы болмок. Алыкулдун англисче жыйнагы мындан 20 жыл мурда чыккан. Өзүмдүн “Мезгил жана Алыкул”- деген китебим мындан 1990-жылы, 2006-жылы чыгаргам, аны дагы толуктап чыгарсам дейм.

— Интернетте дагы Алыкулдун үйүнүн жаман акыбалы жөнүндө маалыматтар чыгып жаткан болчу?

— Өткөндө музейге студенттер келишиптир. “Силерге окшогон жаштардан жардам керек эле. Силер азыр замандан артта калышпай интернетке жакынсыңар”- дегенмин. “Ата-Түрк Ала-Тоо” жогорку окуу жайынын студенти Бакай деген жигит “Алыкулдун үй музейинде болдук. Памирбек агай бизге кайрылды”- деп жазып ийиптир. Ошондон бир жума өтпөй эле “Жатакана жаштары”- деген кыймыл бар экен. Ошолордон келип ишембилигин жасап кетишти. Мындан сырткары адистерди чакырып жалпы оңдоого канча акча кетээрин да эсептетишти.

— Канча акча каражаты керек экен?

Божомол менен 500000 сомду айтып жатышат. Экспонаттар көбөйгөндүктөн кошумча имарат куралы деп ойлогонбуз. Буга чейин мэрияга айта берип тилибиз тешилгидей эле болду. Болбогондон кийин өзүбүз эле демөөрчүлөрдү таап, диаметри 7 метр, узундугу 3 жарым метр болгон боз үй тибиндеги үйдү “Алыкулдун ыр өргөөсү” деп салып жатабыз. Азыр чынын айтканда ал жерде боз үйдүн көлөмүндө болуп Алыкулдун видеолору, теле-радиодогу материалдар болобу, сүрөттөрдү коюп, студенттер, окуучулар келсе көрсөтөбүз. Менимче 50 орундук болот го. Ортосунда 2 сотыхтай бош жерибиз бар. Ал жерди гүлдөрдү олтургузуп гүлчамбар кылып койсок жаштар олтуруп ырларын окуп, ар кандай талкууларды жүргүзсө жакшы болмок. Курманбек Бакиев Чүй областын губернатор болуп башкарып турганда жакшы жардам берген. Алыкулдун арбагы колдоп кийин президент болду.

— Буларды аткарууга аракет кылып жатасызбы?

— Өткөндө балдар интернетке жарыялаптыр, телевидение келип жатышат. Кечээ НТС теле каналынан келип тартып кетишти. КТРК сыяктуу чоң теле каналдар бизге аудио-видео көрө турган экрандарды белек кылсак, койдурсак деп ойлонуп жүрөм. Көп жылдан бери Чолпон-Атага дагы аракет кылып жүрөбүз. 2009-жылы Алыкулдун музейин касиеттүү көл боюнда ачканбыз. “Алыкул” деген кеме болсо деген маселе көтөргөнбүз. Ал жакта ишкер жигиттер бар эле. Өздөрүнө жүк ташыган кемени сатып алышкан экен. “Жүк ташыганга болбой калды, темирге эле өткөрүп ийет окшойбуз”- дешкенинен сатпай эле жүргүнчүлөргө ылайыктап жасап “Алыкул” деп ат койгула десем ынабай коюшкан. Кийин акырында “агай сиздин айтканыңыз туура экен”- деп чалышты. Былтыр күзүндө ал кеме курулуп бүтүп, “Алыкул”- деп аты берилип сууга түштү. Чолпон-Атада Алыкулдун музейинин жанында “Алыкул сейил багы”- деп түптөлүп жатат. Алыкулдун паркы биздин коомдук бирикмеге карабайт. Жалпы Чолпон-Ата шаарынын паркы болуп эсептелинет. Ал жердин 9,5 гектар жери бар экен. Жер боюнча маселе чечилген. Бирок мурда ал жерде санатория катары Саламаттыкты сактоо министрлиги ээлеп турганда салынган имараттар бар экен. Министр аны бузгусу келбейт же кызыкчылыктары барбы иши кылса иш токтоп калды. Кеме токтой турган пристанга шаар мэри уруксат берип, кемени курган жигиттер июнга чейин даярдайбыз дешти.

— Акындын ырларын дүйнөлүк башка тилдерге которуу менен дагы жигердүү иштеп жүргөнүңүз боюнча маалыматыбыз бар эле?

— Азыр мен Грузия тарап менен сүйлөшүп жатамын. Буга чейин Алыкулдун үйүн- Грузиянын эки элчиси келип көрүп кеткен. Грузиянын президенти Саакашвилинин апасы дагы келип үйдүн абалын көрүп абдан таң калып кеткен. Мен аларга кат жазып Алыкулду грузин тилине которбойсуңарбы деген маселе көтөргөм. Азыр аларга дагы бир маселени коюп жатам. Грузия Кара-Деңиз менен чектеш өлкө, ал жерде атайын кемелер токтоочу порттор бар эмеспи. Эгер мүмкүн болсо алар бизге “Шота Руставели” деген кемени алып келип беришсе, Алыкул экөөнү көлгө коё берсек сонун болмок. Жакшы тилек жарым ырыс дейт, көпчүлүк ойлор ишке ашып жатат, шартка жараша шүгүр деп жатабыз. Алыкулга жаштардын кайдыгер карабаганы абдан кубандырып жатат, буйруса Алыкул кыргыз барда жашай берет. Алыкул Осмонов жашаган үйү азыркы күндө оңдоп-түздөөгө муктаж. Кыргыз элинде өтө бай адамдар көп. “Көп түкүрсө көл болот”- дегендей дагы деле үмүтүбүз өчө элек. Залкар акын Алыкул Осмоновдон аянбайлы. Ким кол кабыш кылса, ал кыргыз поэзиясына, кыргыз маданиятына өтө чоң жардам кылган болот эле.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: