Menu

Франциядагы шайлоодо экинчи айлампага Макрон менен Ле Пен чыкты

Бөлүшүү:

Францияда 11 талапкер катышкан президенттик шайлоонун биринчи айлампасы аяктады. Болжолдуу маалыматтар боюнча биринчи орунга добуштардын 24 пайызын алып Эммануэль Макрон чыкса, экинчи орунда 22 пайыз менен Марин Ле Пен келатат.

Биринчи айлампада жеңишке жеткен эки талапкер шайлоонун 7-майда өтө турган экинчи айлампасына чыгат.

Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго ылайык, экинчи айлампага өтүүгө шайлоого катышкан төрт талапкердин мүмкүнчүлүктөрү болгон: алар мурдагы экономика министри жана көз карандысыз «Алга!» кыймылынан талапкер Эмманюэль Макрон, оңчул-популисттик «Улуттук фронт» партиясынын лидери Марин Ле Пен, «Республикачылар» партиясынан талапкер Франсуа Фийон жана «Багынбас Франция» солчул кыймылынын лидери Жан-Люк Меланшон.

Шайлоо күнүндө өлкө шаарларындагы коопсуздукту 50 миң полициячы, жандарм жана аскер кызматкерлери камсыз кылышты.

Байкоочулар президенттик шайлоонун жыйынтыгы Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү, Евробиримдиктин жана НАТОнун алдыңкы мамлекети, дүйнөлүк экономикадагы бешинчи өлкө – Франция үчүн чоң мааниге ээ болорун белгилешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: