Menu

Таэкван-до спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын салтанатуу ачылыш аземи болду

Бөлүшүү:

22-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков таэкван-до спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын салтанатуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Чыныбай Турсунбеков таэкван-до ассоциациясы чыгыш жекеме-жеке таймашуу спортун жайылткан Кыргызстандагы ири уюмдардын бири саналарын белгиледи. Ал 42 машыктыруучу жана беш миңдей жаран аталган спорт менен машыгып жатканы, айрыкча, алардын ичинен эл аралык таймаштарда өлкө намысын коргогондору арбын экенине кубанып, өткөн жылы спорттун бул түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык спорчулар 14 медаль менен кайтып келишкендигин эске салды.

Ошондой эле кыргыз спортчуларынын жеңиши ар бир кыргызстандыктын ийгиликке болгон ишенимин арттыраарына токтолгон Чыныбай Турсунбеков: “Эл аралык оюндардагы жеңиштер жарандарыбыздын биримдигин арттырып, Мекенибиздеги ынтымактын пайдубалы болуп берет. Себеби, биздин спортчулар зор мүмкүнчүлүккө ээ, андыктан аларга баардык шартты түзүп берүү бүгүнкү күндөгү башкы маселе”, – деп белгиледи.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш Төрагасы Эл аралык таэкван-до федерациясынын (ITF) президенти Чой Жунга Кыргызстанда аталган багыт боюнча атайын семинар уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге, өлкө жарандарын спорт менен жигердүү машыгууга чакырды. “Спорт бул – ден соолук жана ички дүйнөнүн күчтүүлүгү. Баардык мекендештеримди спорттук көнүгүүлөрдү калтырбай жасап, саламат өмүр сүрүүгө үндөөр элем. Спорт эрктүүлүктү арттырып, жеңиштерге шыктандырат. Ошондуктан Кыргызстанга талыкпас эмгек, даңазалуу жеңиштер керек”, – деген Чыныбай Турсунбеков иш-чаранын уюштуруучуларына Жогорку Кеңештин атайын белегин тартуулады.

Сөзүнүн аягында Жогорку Кеңештин Төрагасы 2019-жылы Ысык-Көлдө өтө  турган таэкван-до боюнча Азия чемпионаты мыкты деңгээлде уюштурула тургандыгына үмүт артарын кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында Эл аралык таэкван-до федерациясы (ITF) Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековго аталган спорттун 5-дан даражасын ыйгарышты.

Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын  таэкван-до боюнча ассоциациясынын ардактуу президенти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: