Menu

Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдарга карата мүлктү камсыздандыруу боюнча мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун иш-аракеттерин сынга алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аны жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга карата мүлктү камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча жыйында мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун (МКУ) иш-аракеттерин сынга алды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Өкмөт башчы МКУ табигый кырсыктан жапа чеккендерге мамлекеттик бюджетке оорчулукту азайтуу, жабыр тарткандарга, алардын мүлкүн калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү багытындагы иштерди толук аткарбай жатканын баса белгиледи.

«Өлкөнүн аймагындагы тургундар иш жүзүндө мамлекеттик камсыздандыруу уюму жана камсыздандыруу шарттары жөнүндө эч нерсе билишпейт. Турак жайды камсыздандырууну билүүнүн пайдалары жөнүндө маалыматтык кампаниялардын иши алсыз болууда. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге иш алып баруу начар экендиги байкалууда», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Ал МКУ бир жарым жыл аралыгындагы ишмердүүлүгүндө турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча болгону 4 638 камсыздандыруу келишимин түзгөнүн кошумчалады.

Премьер-министр турак жайды милдеттүү камсыздандырууда Өкмөттүн облустардагы ыйгарымдуу өкүлдөрү, райондук администрация башчылары, айыл өкмөтү жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери менен биргеликте иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК Башкармалыгынын Төргасы Бакыт Жумашевдин малыматында, бүгүнкү күндө «МКУ» ААК аймактарда 7 филиалы иштеп жатат. Алар бир нече коммерциялык банктар менен агенттик келишимдерди түзгөнгө жетишкен.

Ал 2017-жылдын 1-кварталына 3 камсыздандырылуучуга камсыздандыруу төлөмү кайтарылганын, ал сумма 133 006 сомду түзгөнүн билдирди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга, Өкмөттүк облустардагы ыйгарымдуу өкүлдөрүнө өзгөчө кырдаалдарга карата мүлктү камсыздандыруу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна да турак-жайды камсыздандыруунун пайдалуулугу боюнча калкты маалымат менен камсыз кылууну күчөтүү иштери тапшырылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: