Menu

Арстанбапта жер көчкүдөн каза болгондор жерге берилди

Бөлүшүү:

23-апрелде Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап айылынын Янги Хаят участкасында капилеттен жүргөн 300 куб метр жер көчкүнүн кесепетинен улам каза болушкан Арстанбап айылынын тургундары, 1992-жылы туулган Диярбек Умаров менен 1985-жылы туулган Абдукадыр Юлдашев каза болушкан. Бүгүн, 24-апрелде  каза болгондордун тажиясы окулуп, сөөктөрү жерге берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Табигый кырсыктан каза болгон тургундардын жакындарына ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өздүк фондунан эки үй-бүлөгө 50 миң сомдон акчалай жардамын тапшырышты.

Жер көчкү 23-апрелде саат 17-15терде түшкөн. Янги Хаят участкасынын 8 жашоочусу узундугу 100 метрди түзгөн жерге суу түтүктөрүн орнотуп жатышканда күтүүсүздөн табигый кырсык жүз берген. Алардын төртөөсү жер көчкүдөн качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Жер көчкү басып калган төрт адамды окуя жүз берери менен жардамга барышкан жергиликтүү жашоочулар куткарып калышкан. Ал эми эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми эки адам көчкүнүн алдында калып, каза болушкан. Учурда ооруканада жатышкан, 1993-жылы туулган Машрап уулу Жумали жана 1962-жылы туулган Кадиржан Умаровдун абалдары дарыгерлерлердин айтуусу боюнча бир топ дурус. Табигый кырсыктан каза болгон Диярбек Умаровдун артында бир баласы жана кош бойлуу жубайы, ал эми Абдукадыр Юлдашевдин артында 2 баласы калды.

Жер көчкү жүрүү коркунучу сакталган Арстанбап айыл аймагынын Янги Хаят участкасындагы 7 үй-бүлө жакын туугандарыныкына көчүрүлдү. Азыркы мезгилде Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында 21 миңден ашуун калк жашайт. Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов белгилегендей, учурда райондун аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу сакталган 56 кооптуу участкалар аныкталган. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын адистери Янги Хаят участкасында көчкү жүрүү коркунучу бар экендигин жергиликтүү тургундарга буга чейин катуу эскертип келишкен. Базар-Коргон районунун жер көчкү жүрүү кооптуу коркунучу бар Могол, Талды-Булак жана Арстанбап айыл аймактарынын калкын коопсуз жайларга көчүрүү боюнча учурда Живпром участкасында жер аянттарын трансформациялоо иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: