Ажо болууну эңсеп, тынч уктай албай калгандардын катары күн өткөн сайын калыңдап баратат. Шайлоонун шарапаты менен элге таанылып алайын дегендер, кимдир бирөөлөр менен соодалашып акча жасап алууну каалагандар, өзүнүн кадырын, салмагын өлчөгүсү келгендер, коомдогу аброюн арттырууну эңсегендер, куйругундагы калбырдан тазаланууну көксөп, өзүн-өзү реабилитациялоону көздөгөндөр, амбициясын ооздуктай албаган, чындап так көзүнөн учкандар, айтор баары эле президенттик шайлоо жакындаган сайын элөөрүп, бир орунга тура албай калышты. Жогоруда айткандардын кайсынысы кирээрин ким билсин, экс-депутат, “Эрк” партиясынын лидери Турсунбек Бакир уулу да президенттик шайлоодо өз мүмкүнчүлүгүн сынап көргүсү келип ээлигип турган кези. Сыягы, сырттан чоң каржы көмөгүн алууга шарт түзүлгөн окшойт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ