Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылда аткарган ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди.
Отчетту талкуулоо маалында Өкмөт башчы эл өкүлдөрү берген Евразиялык экономикалык биримдигинин интеграциясы, салык мыйзамы, социалдык төлөмдөр, жер казынасы, билим берүү, миграция, лабораторияларды реконструкциялоо, авто жолдорду куруу, жолдордогу коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүү, мамлектеттик ишканалардын ишмердүүлүгүн омптималдаштыруу боюнча жана башка суроолорго жооп берди.
Буга чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттин коалициялык көпчүлүгүндө жана “Республика – Ата-Журт” фракциясында талкуудан өтүп, канааттандырарлык деп жактырылган.
Бейшемби күнү, 27-апрелде, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөтүнүн 2016-жылда аткарган ишмердүүлүгү тууралуу отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна коет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ