Ооганстандагы америкалык аскерлердин кол башчысы Орусия талиптерди согуш куралдары менен камсыздарын кыйыр түрдө ырастады.
Дүйшөмбү күнү Кабулда өткөн маалымат жыйынында генерал Жон Николсон талиптер орустардан курал алып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатканын айтты.
The Washington Post гезитинин жашыруун булактарынын билдиришинче, акыркы жарым жылда Москва ИМ террордук тобуна каршы колдонулат деген жүйө менен талиптерге курал-жарак, анын ичинде оор пулеметторду жеткирүүнү көбөйткөн. Иш жүзүндө аларды талиптер Гелманд жана Кандагар провинцияларында колдонууда. Бул ИМ тобунун бутага алган аймактары эмес.
АКШ коргоо министри Жим Мэттис чет мамлекеттер тарабынан Ооганстан өкмөттүк күчтөрүнөн башка топторго курал-жарак жеткирүү – эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп саналарын баса белгиледи.
Жим Мэттис 140 жоокердин өмүрүн алган Мазари-Шарифтеги ооган армиясына жасалган чабуулдан эки күн өткөндөн кийин Ооганстанга барган. АКШ коргоо министри Трамптан бул өлкөдөгү америкалык аскерлердин санын көбөйтүүнү сурашы мүмкүн. Учурда Ооганстанда 8400 америкалык аскер бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ