Menu

Сапар Исаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриандын жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда эки тарап кыргыз-европа кызматташтыгынын эки тарапка кызыкчылык туудурган проиоритеттүү багыттардын бардык комплексин андан ары бекемдөө боюнча биргелешкен иштер тууралу пикир алышты.

Атап айтканда, Атамбаевдин быйылкы жылдын февраль айында Европа биримдигинин Брюссель шаарындагы институттарына визитинин учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков  Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөдө туруктуулукту жана өнүгүүнү бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана шайлоо процессин өркүндөтүү чаралары тууралу айтып берип, бийик технологиялуу  «Таза Коом» улуттук долбоорун куруу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин жылдырууга Евробиримликтин өкүлдөрүнүн катышуусуна кыргыз тараптын кызыкдар экенин билдирди.

Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү боюнча Кыргызстан Борбор Азия регионунда жакшы мисал болуп калганын белгилеп, өлкөнү демократиялык өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды улантуунун маанисин белгиледи.

Ошондой эле ал мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун арттырууга багытталган жана коррупцияга бөгөт коюуда бараандуу инструмент боло турган «Таза Коом» долбооруна көмөк көрсөтүүгө европалык тараптын даяр экенин билдирди.

Жолугушууга Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис да катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: