Menu

Депутат А.Шыкмаматов: “Кыргызстан үчүн Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы өтө маанилүү»

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» парламенттик фракция башчысынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов Европа бирлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Питер Буриан менен жолугушуп, Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу пикир алышты. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы демократиялык реформаларды баардык жагынан колдоого алып келгендиги үчүн Европа бирлигине ыраазычылык билдирип: “Кыргызстан демократиялык багытта өнүгүүнү тандап алган. Биз үчүн Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы өтө маанилүү”, – деди.

Ал эми Питер Буриан Кыргызстан аймактагы парламенттик демократиялык багытты тандап алган алгачкы өлкө катары дүйнө коомчулугуна таанымал экенин белгилеп: “Эркин демократиялык коомду түзүү демилгесин ишке ашырууну көздөгөн Кыргызстандагы сот жана шайлоо реформасы башкы максат болушу керек. Ага ылайык, Европа бирлиги мындай жаӊыланууларды дайыма колдоого даяр” – деп кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: