Menu

Өзгөндө жер көчтү, а эл көчпөй атат

Бөлүшүү:

Соңку күндөрдө тынбай нөшөрлөп жааган жамгыр тоолуу аймактардын элин чындап эле түгөнбөс түйшүккө салып таштады. Буга улай тынбай жүргөн жер көчкүдөн айрыкча Ош облусунун Өзгөн району өтө катуу жапа чеккен чагы.
– Үйүмдү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокерлери кооптууулугунан улам бузуй ташташты. Аргасыздан ушул тапта атамдын үйүнө көчүп, ошерде жашап жатамын, – деп ыйлактады Өзгөн районундагы Ийри-Суу кыштагынын тургуну Каныбек Рахманов. Төрт чиедей балам бар. А өзүм дагы убактылуу жумушсузмун. Кооптуу тилкеде сегиз үй-бүлө жансактап жатканбыз. Баарыбызды мажбурлап атып акыры көчүрүштү. Эми минтип Өкмөткө күнүбүз түшүп олтурат. Убакытты создуктурбастан мындан ары үй салганга коопсуз аймактан жер тилкесин беришсин! Анан турак жайды курганга ссуда дагы дароо ажыратышсын! Кыш түшкүчө баарын бүтүрүп алалы, эй?

– Айылыбызда дагыле коркунуч күч! – деп кепке кошулду Өзгөн районуна караштуу Жангакты айылынын тургуну Тумар Жолуев.
“Жер көчкү дагы качан түшөөөр экен?” деген санаа менен саат сайын коркуп жашап жатабыз. Чукул арада жер ажыратышпайбы. Эмне, муну үчүн сөзсүз эле киши өлүш керекпи буларга?

– Мобул жер көчкү жүргөн Жаңгакты айылында 257 кожолук, жалпысынан 1334 киши жашайт. 32 түтүн токтоосуз көчүрүлүүгө тийиш! А биз сегиз гана үй-бүлөнү күчтөп атып араң журт которттук, – деп чырылдады Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Акболуш Тиленбаев. – Эми Жалал-Абад облусунун Сузак
районун туурап биз дагы көчпөгөн тургундарды катарынан сотко гана берет окшойбуз. Чынында, мындан башка аргабыз калган жок!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош облусу боюнча Өзгөн районунда – 287, Кара-Кулжа районунда – 193, Алай районунда -191, Кара-Суу районунда -186, Ноокат районунда – 166, Араван районунда – 68, Чон-Алай районунда – 53 өтө опуртал аймак бар. Мындан тышкары Ош облусунун аймагындагы автоунаа жолдорунун 181 тилкеси дагыле чынында абат эмес!

– Сыягы, акыры биз деле коңшулабырыздын демилгесин биротоло кубаттайт өңдөнөбүз, -деп тызылдады Ош облустук өзгөчө кырдаалдар министрлгинин башчысы, майор Дайырбек Каримов. – Жалал-Абад облусунда эл кооптуу аймактардан таптакыр көчпөй какшатышты эле. Ошондуктан, Фемида аркылуу күчтөп көчүрүп жатышат. Чындыгында, биздин деле мындан башка аргабыз калган жок, эй!

Буга дейре үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Өзгөн районундагы Ичке-Сай аймагындагы Топ-Жаңгак конушунда жер көчүп, бир турак жайды басып калган. Ичиндегилердин сөөктөрү кийин гана табылган.

Ал эми расмий маалыматка таянсак, Ош облусу боюнча жер көчкү коркунучу бар тилкелерде 1897 объект жайланышкан. Булардын басымдуулугу – жеке турак жайлар. Ал үйлөрдү бүт коопсуз аймактарга көчүрүү туурасында далай ирет ээлерине эскертилген. А бул тапшырманы милдеттүү түрдө аткаруу жергиликтүү бийликтерге түздөн-түз милдеттендирилген. Тилекке каршы, өзгөчө кырдаалдар министрлиги тынбай каккан коңгуроого эл дагы, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдар дагы таптакыр маани бербей келаткандыгы моминтип орду толгус жоготуулар жана зыяндар менен коштолуп жаткандыгы абдан өкүндүрөт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: