Жалал-Абад шаарыдык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаардагы Маданият техникумунда өнөр кесибин аркалаган жаштар арасында «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата кыз-жигиттердин сармердени уюштурулуп, анда кыздар тобу жигиттерди артта калтырышты. Бул туурлуу аталган окуу жайдын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Токторалы Шеримбетов билдирди.
Анын айтымында, окуу жайда мындай маданий иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп турат. Маданий руханий байлыкты жайылтууну колго алуу, улуттук өнөрдү жашар арасында кеңири жайылтуу максатын көздөгөн бул иш-чара жалпы техникумдун жамаатынын купулуна толду.
-Кыз-жигиттер эки тарап болуп, тамаша сөздөр менен айтышып, кыргыздын макал-ылакаптарын, обондуу ырларды, түрдүү күүлөрдү музыкалык аспаптарда кол ойното аткарышып, кызыктуу жанылмачтар аркылуу тамашып, улуттук бийлерди бийлешти. Алардын кийген улуттук кийимдери өзгөчөлөнүп, аткаруучулук чеберчилиги калыстар тобу тарабынан бааланды жана алдыңкы орунга таймашка катышкан кыздардын тобу чыгышты, – дейт ал.
Маданият техникумдагы «Социалдык маданий ишмердүүлүктү уюштуруу» бөлүмү тарабынан алдыда дагы да бир топ кызыктуу маданий иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ