– Калдарбек Шакирович, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча оюңуз кандай?
-«Коопсуз шаар» деп 2012-жылы башталган долбоор азыркыга чейин бүтпөгөнү түшүнүксүз. Беш жылдан бери соттон сотко өтөт. Шылтоо кылбай башка жолдорун издешсе болмок. Мисалы, «Кыргыз-телеком» республика боюнча бардык жерлерге оптикалык волокнолорду коюшту. Ар бир айыл өкмөттөрүндө түзүмдүк бөлүмдөрү, коммуникациялары бар. «Кыргызтелекомго» берип койсо, ал чет өлкөлүктөрдөй миллиондогон долларга курбай, арзан эле курушмак.
– Долбоор ишке ашса, жол кырсыгы да азайса керек эле?
– Мен эң акыркы эле окуяны айтайын. Бишкекте эки окуучу баланы машина коюп кетип, алардын бирөөсү дагы эле оор абалда жатат. Мектептердин алдында «лежачий полицейскилер» да, «зебралар» да жок. Байкуш балдар жолдун четине туруп алып карашат, машина катуу келатса туруп калышат, акырын келатса жарым жолго келип, кайра артка чуркашат. Машиналар шуулдап саатына 70-80 чакырым ылдамдык менен өтүшөт. Патрулдук милицияда 500 киши иштейт экен. Бишкек шаары боюнча жүздөй мектеп бар. Жок дегенде эртең менен сабак башталарда, түштө, кечинде сабак бүтөрдө ошолордун жанына бирден коюп койсо болот да, башка жактарга калган 400 кызматкер деле жетишпейби. Формасын кийип алып зыңкыйып турса айдоочулар алардын сүрүнөн коркушат, акырын өтүшмөк. А булар бурч-бурчтарда жашынып туруп алып, акча чогултуу менен алек. Биз коомдук жерлерди, базарларды карайбыз дешет. Мектеп эмне, коомдук жер эмеспи? Биринчи кезекте балдарыбызды коргошубуз керек да, туурабы? Эң башкысы, байкоочу камераларды орнотконду тездетүү зарыл. Кээ бир жерлерге орнотушту эле, аны айдоочулардын баары билип калышты, акырындап өтүшөт. Себеби, үйлөрүнө жол эрежесин буздуң деп эсеп-билдирме келип атат.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ